“Электр станциялары” Ачык Акционердик Коому 2007-жылдын жыйынтыгын чыгарып, өткөн жылы компания 2,3 миллион сом таза киреше көргөнүн жарыя кылды. Компаниянын маалыматына ылайык, өткөн жыл жалпысынан дурус өткөнү менен 2008-жылда энергетиктер оор шарттарда иштөөгө туура келет. “Электр станциялары” ААКсынын генералдык директору Бакирдин Сартказиевдин айтымында, электр тармагындагы кыйынчылыктардан улам 2009-жылга чейин электрди үнөмдөөгө туура келет. Буга байланыштуу бардык региондордо электр энергиясын маал-маалы менен өчүрүп туруу боюнча план иштелип чыккан. (IJz)