Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:42

15:00 Жайнагүл Максимова: Мелис Эшимканов кысым көрсөтүп атат


“Сары Өзөн” телерадио компаниясынын генералдык продюсери Жайнагүл Максимова акыркы кездерде Улуттук телерадио корпорациясынын жетекчиси Мелис Эшимкановдун кысым күчөп кеткени тууралуу билдирген маалымат жыйын өткөрүп, эгер мындай мамиле токтобосо башка теле компаниялар менен келишимдик негизде кызматташууга даяр турушканын айтты. Анын айтымында Мелис Эшимканов УТРКга келгени региондордогу теле компанияларга көңүл бурулбай, алардын бир тобу жабылып калган. “Азыр эфирге чыга албай калдык, муну мен кысым катары эсептейм”,- дейт Ж.Максимова. Мындай пикирге карата азырынча УТРКнын жетекчилиги өз жообун айта элек. (IJz)

XS
SM
MD
LG