Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:35

Жакында «Тарыхый мекенине кайтып келген кыргыздарга мамлекеттик кепилдиктер» жөнүндөгү мыйзамга толуктоолор киргизилип, парламенттин кароосуна сунушталды. Убагында качкын макамын алгандардын 70 пайызы учурда атуулдук алышты. Эгер жогорудагы мыйзам күчүнө кирсе, Тажикстандан жана Өзбекстандан келген кыргыздар атуулдук алган күндөн баштап үлүш жер ала алышат. Себеби алардын бүгүнкү күндөгү бирден-бир көйгөйлүү маселеси менчик жердин жоктугу болууда, деп билдиришти миграция комитетинен.

Тиешелүү тараптын берген маалыматына ылайык коңшу мамлекеттерден тарыхый мекенине келген кыргыздардын көбү Чүй аймагын жердеп калышкан. Мындан бир аз жылдар мурун алардын атуулдук алуу, турак-жайга ээ болуу өңдүү бир катар маселелери чечилбей келген болсо, бүгүн алардын көбү жолго коюлуп калганы айтылат.

-Менин атым Абат Ахунбаев. Ивановкага келип жашап калганыма он беш жыл болду. Мурун кыйналган элек, азыр кудайга шүгүр баары жакшы. Үй алдык, балдар иштеп жатат. Болгону менчик жерибиз жок.

- Атым Абдилатиф, Чүй аймагында студент кезимен бери жашап калдым. Жакында эле келген мен эмес, ушул жерде жергиликтүү болгондор үйү жок жүрөт. Аларды көрүп туруп эмнеге биз өкмөткө нааразы болмок элек?

Бул Чүйдүн Ивановка айылында жашагандар. Бирок бул маектештердин көбү иштете турган жери жок болгондуктан жергиликтүү дунгандарга жана корейлерге жалданып иштешет экен. Баары жакшы деп айткан менен коңшу мамлекеттерден тарыхый мекенине келгендин балдары жогорку билим алуу жагынан дале артта калууда, дейт журналист Зулпукар Сапанов:

- Тажикстандагы кыргыз мектептеринин абалы, окуучулардын билим деңгээли туурасында көп айтылды. Тажикстандагы кыргыз окуучулардын билим алууга жетиштүү мүмкүнчүлүгү жок. Ал жактан келгендердин деле азырынча абалы жакшырып кете элек. Бир айылдан чыга албай, караңгы, сабатсыз болуп жүргөнү канча. Албетте мурункуга салыштырмалуу абал жакшырып калды, деген менен жаштардын маселеси дале чечиле элек. Алардын ичинен билим алгандары мугалим болот, бирок юридикалык, медициналык билим алгандар дээрлик жок.

Ал эми Миграция жана жумуштуулук боюнча мамлекеттик комиттеттин алдындагы миграциялык фонддун директору Салтанат Баракова, учурда Тажикстандан тарыхый мекенине көчүп келген кыргыздардын маселеси жолго коюлуп калды. Бирок Өзбекстандан келген кыргыздардын маселеси дале чечилбей турат деп белгилейт.

- Атуулдук алууга байланыштуу Тажикстан менен Кыргызстан ортосунда келишим болгон үчүн Тажикстандан келген кыргыздардын бир катар маселеси чечилип калды. Ал эми мындай келишим Өзбекстан мамлекети менен жок. Ошондуктан ал жактан келгендерге атуулдук алуу оор жагдайды түзүүдө.

Мурунку парламент «Тарыхый мекенине кайтып келген кыргыздарга мамлекеттик кепилдиктер» жөнүндөгү мыйзамды кабыл алган. Ал эми учурда аталган мыйзамга толуктоолор киргизилип, кайрадан жаңы парламенттин кароосуна сунушталды. Эгер мыйзам кабыл алынса, тарыхый мекенине келген кыргыздар атуулдук алгандан кийин менчик жер алууга мүмкүндүк алышат.

Жамангулова Жазгүл, Чүй
XS
SM
MD
LG