9-апрелде боло турган жыйында 12-апрелге белгиленген элдик курултайды уюштуруу, иш чара учурунда коопсуздукту камсыздоо маселелери каралат. Бул тууралуу кыймылдын координациялык кеңешинин төрагасы Аликбек Жекшенкулов бүгүн билдирди. Бейшемби күнү кыймыл лидерлери жана мүчөлөрү Ата Бейитте болуп, арбактарга куран окутушат. 12-апрелге белгиленген курултай Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт сарайда өтүп, ага 1.5 миңдей киши катышаары кабарланган. (AiT)