Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:46

12:45 Өкмөт азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого даяр эмес


Мындай пикирин “Ак жол” фракциясынын мүчөсү депутат Кабай Карабеков бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого 40% гана даярдык көрүлгөн. Жазгы-талаа жумуштарын өткөрүүгө өз убагында каражат бөлүнгөн, бирок ушул кезге чейин күйүүчү май, үрөндүн жетишпей калышына өкмөт күнөөлүү. Ошондуктан өкмөттө айрым кадрдык өзгөрүүлөр болсо, туура болот. Мындай шартта Кыргызстан быйыл болгону 800 миң тонна гана дан жыйнайт. Ал эми азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо үчүн кеминде 1 миллион 100 миң тонна дан болуш керек.(AiT)

XS
SM
MD
LG