Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:31

17:01 Москвадагы кыргыз диаспорасы “Ингосстрах” компаниясы менен келишим түздү


“Кыргыз биримдиги” уюмунун жетекчиси Абдыганы Шакировдун айтымында, эгерде бул компаниядан медициналык камсыздандыруу алган адам буту-колу сынып, жараат алса, ага 150 миң рубль, эгерде жумуш ордунда каза тапса, анын жакындарына 200 миң рубль акча төлөнөт. Москва шаарында жана облусунда былтыр эле жумуш ордундагы кырсыктардан улам 143 кыргыз жараны каза тапкан. “Эгерде көз жумгандардын өмүрү убагында камсыздандырылса, алардын жакындарына аталган компания жалпысынан 30 млн. рубль төлөп бермек. Бул сөөктү жеткизүү, жерге берүү ж.б. кеткен чыгымдарды жапмак эле”, - дейт Абдыганы Шакиров. Учурда Россияда эмгектенген кыргыз жарандарынын саны 270-300 миңге жетет. (JTo)

XS
SM
MD
LG