Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:30

КАРКЫРА МЕНЕН КУМТӨР МАСЕЛЕСИНДЕ КАЛК КАТУУ КАБАТЫР


8-апрелде Ысыккөлдүн Түп районунуда Казакстан тарапка өтөт деп аткан Каркыра жайлоосунун чеги жана Кумтөр --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/02/95D4AABB-9318-4384-980B-CD2B5BF32908.asp кенинин зыяндуулугу талкууланды. Ага Коомдук парламенттин, “Акыйкат үчүн” кыймылынын, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана өкмөттүк эмес уюмдардын башчылары катышып, аягында президентке, өкмөткө, ошондой эле Жогорку Кеңешке дагы кайрылуу жолдошту.

“Жарандар коррупцияга каршы күрөшүү” укук коргоо борборунун юристи Абдыкерим Ашымов чек ара жана кен казуу маселеси боюнча өкмөт аралык келишимдер элге ачыкталбагандыктан улам ушул жарандык форум уюшулганын белгиледи. Коомдук парламенттин мүчөсү Эмилбек Каптагаев, “Акыйкат үчүн” кыймылынын лидерлеринин бири Мукар Чолпонбаев, Түп, Ысыккөл райондору менен Барскоондун беш айылынан келгендерге губернатор Кыдыкбек Исаев Каркыра жайлоосун казактарга бербейм деп расмий убада бергени менен, Акүйгө барганда ал жайлоону дагы, төрт пансионатты дагы садага чапканга даяр экенин билдиргенин ачыктады. Адеп сөз алган Эмилбек Каптагаев:

- «Кумтөр» инвестициялык проект болгон эмес, ишкана түздү, ошого кредит алган. Кредиттин шарты боюнча биздин үлүшүбүз үчтөн эки болуп атат да. Биз кредитти көбүрөөк төлөдүк, тигилер азыраак төлөдү. Ошентип 2006-жылга карата бул ишкана толук самортизированный. Бепбекер ишкананы 2005-жылы кайра «Центера» деп туруп баш-оту менен карматып жиберип атышпайбы, - деди 2002-жылдары Жетиөгүз районунда аким болуп иштеген Эмилбек Каптагаев.

Барскоондогу «Карек» өкмөттүк эмес уюмунун башчысы Эркингүл Иманкожоева дагы канадалыктар алтын өндүрүүдө анын калдыктарынын экологиялык коопсуздугуна көз жумду мамиле кылып атканын ырастап, учурдагы коркунучтарды белгилеп өттү. Ал эми «Акыйкат үчүн» кыймылынын лидерлеринин бири Мукар Чолпонбаев учурдагы коркунучтарды белгилеп өттү.

Ысыккөл жерлери чет элдиктерге берилерде түшүмдүүлүгү жок үчүн инвесторлорго берип атабыз деген атайын ойлонулган жалган маалыматты жокко чыгарып, Кытайга кеткен Сарыжазды мисалга келтирди:

- Быйылтан баштап Кытай ал жерге 20 ГЭС салып атат. Сарыжаз энергетикалык потенциалы боюнча Ортоазияда үчүнчү орунда турат, - дейт 90 миң гектар жерделген Үзөңгүкууш дагы 110 миң гектар менен сатылганын кошумчалаган Мукар Чолпонбаев.

Ал жердеги мөңгүдөн 160 млн. киловатт электр энергия өндүрүлмөк экен. Түп районунун акиминин орунбасары Ибраим Жолдошев бул коомдук форумга катышып, бийликке айтылган айрым кемчиликтерге макул эмес экендигин билдирди:

- Кудай астында деле кичине калыстык сөз айтышыбыз керек да. Бүт эле өкмөттө иштегендер капкара, анан өкмөттүк эместер аппак болбогула да.

Араздашуу жүрүп кетти эле, аңгыча Каркырага кеткен депутаттардан келдим деген Чынара Сейдакматова:

- 1968-жылы Казак ССРи Кыргыз ССРи болуп келишим түзүшкөн экен. Ошондо Санташтын жери казак тарапка өтүптүр. Ал жерде жашап аткан кыргыздар казактын аймагында жашап атканын билбей да калыптыр. Жанагы Каркыранын таштак жери кыргыздарга өтүптүр. Аны дагы билбейт кыргыздар. Аламанов минтип айтты, Санташтын жери кыргыздарга таандык боло берсин, ал эми Каркыранын жарымы суудан аркысы казактарга таандык экен, ошол бойдон эле кала берсин деп. Анан ошол жердеги кишилерден сураганда, болуптур ошондой боло берсин деп эле калышты, - өзүн экспертмин деп тааныштарган Чынара Сейдакматованы залдагылар бийликтин тыңчысы катары кабыл алышты.

Коомдук парламент мүчөлөрү болсо, президенттин кеңешчиси Садыр Жапаров архивден таап чыккан чек аранын чийме кагаздары боюнча казак тарапка бере турган да, ала турган да жерлер Кыргызстандыкы экени далилденип атканын маалымдашты.

Атуулдук форум талкуунун аягында Кумтөр кени боюнча түзүлгөн келишимди кайра түзүү жана аны жарандардын укугу менен байланыштырбоону, Каркыра жайлоосунун чегин тактоодо коомдук эксперттик комиссияны түзүү боюнча өлкө өкмөт башчыларына жана Жогорку Кеңешке кайрылуу жолдошту.

XS
SM
MD
LG