Биринчи май райондук сотунда Кыргызстандын Кошуундар бирдиги Федерациясынын төрагасына байланышкан сот иши улантылат.Башкы прокуратура мурдагы төрага Сагынбек Бозгунбаевди 2003-жылы кесиптик кошуундун карамагындагы 15 эс алуу жолдомосун максатсыз пайдаланып, 114 миң сом зыян алып келди деп айыптоодо. Биринчи жолу бул иш боюнча 2005-жылы ички иштер министрлиги иш козгоп, бирок, сот негиз тапкан эмес. Экинчи ирет кылмыш ишин ушул жылдын февралында башкы прокуратура козгогон. Бозгунбаевдин тарапкерлери болсо бул ишти куугунтук катары баалоодо. (BuS)