Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:39

Ж.Буш: Ирактан АКШ аскерлерин чыгаруу убактылуу токтотулат


АКШ президенти Жорж Буш Ирактан америкалык аскерлерди июль айынан кийин чыгарууну убактылуу токтотууга буйрук берди. Президенттин кечээги билдирүүсүнө караганда, 31 –июлга карата былтыр жөнөтүлгөн кошумча аскерлердин баары чыгарылып кеткенден кийин аскерлердин саны 25%га азаят. Ал эми андан ары кыскартуу мүмкүнчүлүгүн Ирактагы командачылык чечет. Президент Буш ошондой америкалык аскерлердин Ирак менен Ооганстанда кызмат кылуу мөөнөтү 15 айдын ордуна 12 ай болорун жарыялады. Ага катар Иракта коопсуздук, саясий, экономикалык кырдаалда прогресс бар экенин кошумчалады. Апта башында Ирактагы америкалык аскерлердин командачысы генерал Девид Петреус июлдан кийин аскерлерди чыгаруудагы танапис буга чейин жетишилген ийгиликтерди жоготпоо жана кырдаалды кайрадан баалоо үчүн зарыл экендигин билдирген.

XS
SM
MD
LG