Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:05

КЫРГЫЗ-КАЗАК ЧЕГАРАСЫ БОЮНЧА СҮЙЛӨШҮҮЛӨРДҮН ТАРЖЫМАЛЫ ЖАНА НАТЫЙЖАСЫ


Кыргызстандын өкмөтүнүн аймактык маселелер боюнча бөлүм башчысы, чегара маселелери боюнча жумушчу топтун башчысы Саламат Аламановдун 11-апрелде Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзү.

«Мурдагы административдик чегаранын негизинде мамлекеттик чегаранын кандай процесс жана процедуралар менен калыптангандыгын түшүндүрүп берейин. Жогоруда айтылып кеткендей, биздин нормативдик база сүйлөшүүлөрдө 1950-жылкы Бүткүлроссиялык Борбордук Аткаруу комитетинин Казак жана Кыргыз АССРнын чегаралары жөнүндөгү токтому болду. Жардамчы материал катары 1961-жылы Кыргыз ССРнин Жогорку Советинин Президиумунун Указы, ал Кыргыз ССРинин чегаралары жөнүндө деген Указ. Мына ошол документтердин негизинде жана аларга тиркелген карталардын негизинде биз казак тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнбүз. Мына ошол сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө ошол материалдарды, карталарды салыштырып көргөндө, мурдагы 40-жылдарда тартылган карталар менен 80-жылдан кийин так тартылган карталардын ортосунда айрым жерлерде айырмалары болгондугу көрүндү. Ал айырмалар мурдагы картага караганда кийинки карталардын тагыраак тартылгандыгына байланыштуу айрым жерлердеги тоонун кырларынын багыттарынын сүрөттөрүнүн өзгөрүшүнө байланыштуу болду. Ал жерде принципиалдуу өзгөрүү болгон жок, жөн гана ошол чегара сызыгынын кырлардагы ордун тактап, ошону өзүнүн калыбына келтирүү деген процесс болду. Экинчиси, кошуна жашаган эки республиканын калкы айрым жерлерде чарбалык жана бөлөк керектөөлөр боюнча биринин аймагын экинчиси пайдаланып келген жерлер болгон экен. Мына ошол жерлерди дагы юридикалык жактан бекемдөө үчүн андай жерлерде дагы макулдашуу менен айрым өзгөрүүлөр киргизилген. Мына ошол процедураны азыр мен эң чыгыш жактан баштап түшүндүрүп берейин деп ойлоп атам. Чегаранын эң эле чыгышындагы биринчи өзгөрүүгө дуушар болгон жер Сарыжаз деген участкабыз, анда чегара сызыгы карталарда тоонун капталы менен жүрүп калган экен. Мына ошол каптал менен жүргөн чегараны кийинки так тартылган картада тоонун кырына өткөрдүк. Ошондо Сарыжаз деген бөлүктө чегаранын сүрөтү өзгөрдү.

Экинчи, ошол эле аймакта биздин чегаранын чыгыш жагында, Турук деген суу бул өзү Каркырага куйган суу, 1961-жылкы биздин Указда, 1968-жылы Жогорку Советтин секретарларынын кол койгон чегараны сүрөттө боюнча протоколунда чегара Турук суусу менен өтөт деп жазылган экен. Бирок ал жер негизинен биздин малчылардын жайыты жана чөп чабык жери экен деп биз маалыматты алганбыз. Ошону биз жакында 8-апрелде жолукканда Санташ айылындагы жыйында эл да тастыктады. Мына ошол маселени биз коюп, биздин эл мурдатан пайдаланып келген жерди юридикалык маанайда бизге өткөрүп беришин суранып, чегараны тоонун кыры мененөткөрдүк. Мына ошондо кызыл сызык менен белгиленген чегара пайда болду. Көк сызык менен белгиленген чегара жоюлду. Ошондо жайыт жер бизге өттү.

Сарыжаз менен Туруктун ортосундагы үч аймакта дагы ушундай чегараны тартипке келтирүү иши жүргүзүлдү. Капталдан өткөн чегараларды тоонун кыры менен өткөргөндө ошол өзгөрүүлөр пайда болду.

Азыркы айтылган жерлерден төмөн келгенде жанагы көп сөз жүргөн Каркыра бөлүгү чегаранын. Бул жерде чегаранын өзүнүн жазылышы 1930-жылкы токтомдун негизинде күнгөй Алатоосу түгөнгөн жерде тикелей түштүктү көздөй кетип Санташ белине келип, анан ошондон Каркыра жармаңкесине кеткен жолу менен жогору карай кетет экен. Мына ошол биринчи биздин Кыргыз АССР менен Казак АССРинин ортосундагы документтештирилген чегара жана кийин дагы ошондой картага түшүрүлгөн. 1961-жылкы Указ боюнча бул жердеги чегаранын сүрөтү өзгөрүлүп, төмөнүрөөк жактагы үч бурчтук жер Казакстандын биринчи варианттагы Казакстандын аймагындагы жер. Биздин юрисдикцияга өтүп, ал эми жогору жактагы үч бурчтук Казакстандын юрисдикциясына өтүп калган. Бул ошол кездеги биздин арадагы аймактарды эки тарап бириникин бири пайдалангандын негизинде келип чыккан маселе. 1968-жылкы эки Жогорку Советтин секреталары кол койгон жазылууда эки үч бурчтук тең казактын аймагына өтүп калган экен. Бирок баары бир эле төмөн жактагы үч бурчтукту биздин Санташ совхозунун эли пайдаланып келген. Ал жерде жайыт, чөп чабынды, айдоо жерлер. Ал эми жогору жакта болсо жалаң эле жайлоо, жайыт жерлер. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө ушул документтердин баарын карап отуруп биз Казакстан тарап менен ушул жердеги чарбалык пайдалануудагы жерлерди бири-бирибизге юридикалык түрдө өткөрүү жөнүндө макулдашканбыз. Ал эми жергиликтүү калктын ою боюнча бул жерде чегаранын эч кандай өзгөргөнү болгон жок, бизге тиешелүү жер бизде калды, Казакстанга тиешелүү жер Казакстанда калды деген ойлорун айтып атышат.

Бул жерде 40-жыл менен 80-жылдардагы карталардын ортосундагы тоонун кырынын сүрөттөрүнүн өзгөрүшү. 40-жылдагы кол менен жөө басып жүрүп тарткан карталар менен кийинки аэросъемканын негизинде түзүлгөн карталардын тоонун кырынын сүрөттөрүндө айырмалар бар экен. Жөн эле чегараны ошол кырлар менен өткөрдүк. Бир жерден чегара биз тарапка жылды, экинчи жерден чегара Казакстан тарапка жылды. Балансын өзүңүздөр көрүп турасыздар. Кызыл сызык азыркы кездеги жаңы келишимдеги сызык, көк сызык болсо мурдагы сызыктар.

Кемин районундагы Легастаев деген тоонун жанындагы өзгөрүү, так эле ушундай маанайдагы өзгөрүүлөр. Жанагы эки картанын сүрөттөсүндөгү айырмалардын негизинде тоонун кыры менен өтүп калды чегара, мына өзгөрүү боюнча участок биз тарапка карап калды.

Чүй облусунун Чүй дарыясында өткөн чегара боюнча маселе. 1930-жылкы токтомдо дагы, 1961-жылкы биздин указда дагы Чүй дарыясы Камышановкадан тартып Кичи жана Чоң Карабулактын сууларынын ортосундагы чекке чейин, Чүй дарыясынын суусунун ортосунда өтөт деген гана аныктама бар. 140 километр чегара ушул 4-5 сөз менен аныкталган. Бул жерден чегара кандайдыр бир өзгөрүүлөр, же чарбалык өздөштүрүүлөр, же гидротехникалык курулуштарды куруунун натыйжасында кургактыкка чыкты деген эч бир сөз жок. Ошондуктан сүйлөшүүлөрдүн негизинде биринчиден эл аралык норманы колдонуп, экинчиден өзүбүздүн документтерди колдонуп, үчүнчүдөн, Кыргызстандын мамлекеттик чегарасы жөнүндөгү мыйзамдын жоболорун колдонуп, чегараны суунун ортосу менен өткөрдүк. Мына ошондо жана айтылган Дружба айылынын жанындагы жол трассасы жайгашкан жерлер Казакстандын карамагында калды. Бирок жол биздин баланстагы Кыргызстандын жолу болуп эсептелет. Ушул жерди биз алсак болбойт беле деген сөздөр жүрүп атат. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө биз ошол жердеги жолубузду, Благовещенка деген жолдо 22 жарым километрде чегара жолдун ортосу менен өтөт. Жолдун жарымы казактарга, жарымы бизге тиешелүү. Биз ушул жолду толугу менен силерге берели, жанагы жердеги жер участогун жолу менен бизге өткөрүп бергиле дегенде, алар ошону аткаргандан баш тартышты, кыскасын айтканда макул болгон жок, алар өз укугун пайдаланды.

Степное айылындагы көрүстөн казактын аймагында.Анан жанындагы биздин талааларды эрозиядан коргой турган токой тилкесин биз сураганбыз. Төмөн жагындагы токой тилке казактардыкы. Адегенде биз аларды сурадык. Анан кийин мына Аспара башында дагы 578 гектар жер бар. Бул жерде чегара Ашуутөр суусу менен өтөт деген биздин эл жайлаган жер экен. Мына ушул жерден дагы чегараны тоонун кырына өткөрүп, тигил чарбалык пайдалануудагы жер бизге өткөрүлдү.

Талас зонасындагы эки жерде чегараны тактоо иретинде жүргүзүлдү. Жогору жагында Талас дарыясынын ортосу менен өткөрүлүп, бул жерде 37 гектар жер экен манастыктар айтты. 28 гектар бизге жолу менен өттү. Төмөн жагындагы Новодонецкий айылынын жанындагы айдоо сугат жерлер бул Казакстандын аймагы болгон. Бирок төмөн жактагы дренаж курулгандан кийин казак тараптардын өтүүсү начарлаганда алар пайдаланбай калып, биздин эл пайдалана баштаган. Мына ошол жерди биз макулдашып туруп алып, азыр Новодонецкий айылынын 60 чарбасы ушул жерди бөлүп алып, ошонун эсебинене жашап атат.

Кызыладырдагы карьердин тагдыры. Степнойдун жанындагы көрүстөндү жана жасалма токой тилкесин сурап, Новодонецкий айылындагы сугат жерлерди сураганда ошону алмаштырууга пайдаланган карьер, бул жерде Кыргыз ССРнин Совет министринин 80-жылкы токтому менен Казакстанга убактылуу пайдаланууга берилген. Бирок биз жанагыдай маселени койгондо, анда силер ушуну бизге бергиле, биз жанагы жерлерди силерге өткөрөлү деп алмашуу процессин жүргүзгөнбүз. Маселе ушинтип чечилген.

XS
SM
MD
LG