Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:36

17:00 Ички иштер министри: Алишер Саиповдун өлүмүнө байланыштуу козголгон кылмыш иши токтотулган жок


Мындай маалыматты бүгүн министр Молдомуса Конгантиев “Азаттыкка” маалымдады. Анын айтуусунда бул ишке байланыштуу Өзбекстан, Тажикстандын тиешелүү кызматтары менен кызматташуу болуп жатат. Өткөн жылы күзүндө киши колдуу болуп каза тапкан журналист Алишер Саиповдун өлүмү боюнча козголгон кылмыш иши анын өлүмүнө шектелип жаткан жарандын Кыргызстандан чыгып кеткендигине байланыштуу токтотулду, деген маалымат айрым басма сөз жана маалымат каражаттарына жарыяланган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG