Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:58

11-апрелде Жогорку Кеңеш Кыргызстан менен Казакстандын мамлекеттик чек арасы жөнүндөгү 2001-жылы президенттер кол койгон келишимди ратификациялады. Парламенттеги социал-демократиялык жана коммунисттик фракциялар келишимге каршы добуш беришти. Бирок “Ак жол” фракциясынын добуштары жетиштүү болуп, алар 66 добуш менен келишимди бекитти.

Жогорку Кеңештеги социал-демократиялык жана коммунисттик фракциялардын депутаттары негизинен чек ара келишими керектигин, бирок бул маселеде шашпай, Кыргызстандын кызыкчылыгын сактап калууну сунушташты. Алар өзгөчө Каркыра, Токмокко жакын жердеги жол, Таластагы гранит кени, Көксай жергесиндеги чек ара сызыгы кайрадан каралып чыгыш керек деген пикирде болушту. Талкуунун жүрүшүндө 2001-жылы кыргыз-казак чек ара келишимин түзүүгө ошол кезде парламент тарабынан мурунку президент Аскар Акаевге ыйгарым-укук берилбегени ачыкталды. Коммунисттик фракциянын лидери Исхак Масалиев фракция келиишмге каршы экенин билдирди:

-Биздин фракциябыз бул мыйзамдын долбоорун колдобойт. Экинчиден, бул мыйзамды колдобогондун себеби 2003-жылдагы биздин жетекчибиз Абсамат Масалиев, депутаттар Адахан Мадумаров, Турсунбай Бакир уулу жана Азимбек Бекназаровдун сунуштарын колдоп, бул долбоорду четке кагыш керек. Үчүнчү, бүгүнкү долбоорду сөзсүз эки окууда, 3/2 кем эмес добуш менен кабыл алыш керек. Себеби бул мамлекеттик чек араны өзгөртүү.

Социал-демократтардын өкүлдөрү Роза Отунбаева, Мурат Жураев, Иса Өмүркулов жана Жусуп Жээнбеков келишимди ратификациялоону токтото турууга, алгач калк ичинде түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө чакырды.

-Бүгүн ушул маселени карап жатып, кыргыз-казак ортосундагы достукту да сыйлаш керек. Ошону менен бирге өзүбүздүн кызыкчылыкты унутпаш керек.Мына расмий түрдө талаш делген 15 участок бар деп жатабыз. Андан тышкары расмий эмес ондогон участоктор бар. Мына ошолордун баарын тактап, баарын комплекстүү карамайынча, бул маселени бүгүнкү күндө бекитүүнүн эч зарылчылыгы жок,-деди депутат Иса Өмүркулов.

Ал эми “Ак жол” фракциясынын лидерлери кыргыз-казак чек ара макулдашуусун ратификациялоону, аны кийинки муундарга калтырбоого чакырды.

-Маселе бышып жетилди. Себеби 2001-жылдан бери сегиз жыл өттү. Сегиз жылда маселени чечпей сексен жылда чечебизби. Мына бүгүнкү күндө Каркыра да дагы, Таласта дагы элдер колдоп жатат. Ошон үчүн биз жоопкерчиликти мойнубузга алышыбыз керек. Ошо тарыхтын алдында жоопту беребиз. Ошондуктан келишимди ратификациялап берүүгө үндөп кетем,-деди “Ак жолдун” депутаты Кубанычбек Жолдошев.

Талкуунун соңунда добуш берүүнүн алдында Исхак Масалиев чек ара жөнүндөгү келишим эки окууда, 3/2 добуш менен кабыл алыныш керектигин эскертти.
Бирок “Ак жол” партиясынын өкүлү Зайнидин Курманов Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы буга чейинки административдик чек ара мамлекеттик чек ара болуп түзүлүп жаткандыктан, бул кадимки эл аралык келишимдердей эле бир окууда, жөнөкөй көпчүлүк менен кабыл алынаарын белгиледи. Келишим боюнча депутаттарга түшүндүрмө берген тышкы иштер министринин орун басары Аскар Бешимов Курмановду колдоду:

-Бүгүнкү күндө Зайнидин Карпекович айтып жаткандай эл аралык келишим ратификациялоо үчүн киргизилип жатат. Андан кийин Курманов айткандай жол-жоболор жасалыш керек. Ал боюнча келишим Бириккен Улуттар Уюмуна тапшырылып, ал жерде каттоодон өтүш керек. Ошондон кийин юридикалык чек ара түзүлдү деген статуска ээ болот.

Министрдин орун басарынын түшүндүрмөсүнөн кийин добуш берүү болуп өттү. Анын жыйынтыгы боюнча келишимди колдоп 66, каршы 14, калыс болуп 3 депутат добуш берди.

Чек ара боюнча келишимди талкууда “Ак жол” партиясынын мүчөлөрү талаштуу деп эсептелген жерлерге ратификация жасалгандан кийин кайрылып келүүгө болобу деген суроону коюшту. Өкмөттүн регионалдык маселелер боюнча бөлүм башчысы Саламат Аламанов да, тышкы иштер министринин орун басары Аскар Бешимов да келишим ратификациялангандан кийин бул маселени кайра көтөрүүгө болорун, ал эми натыйжасы кандай болоорун айта албасын белгилешти. Оппозициялык депутаттар андай аракеттен майнап чыгышы өтө күмөндүү экенин белгилешти.

-Ратификация деген өзү эмне деп суроо бердим. Ратификация деген бул бекитүү деп туура жооп берип жатасыз. Бекиткенден кийин ким сүйлөшөт сиз менен, биз менен. Эч ким сүйлөшпөйт,-деди депутат Иса Өмүркулов.

Казакстан парламенти бул келишимди 2003-жылы эле ратификациялаган. Кыргыз тарап 11-апрелде ратификациялады. Саламат Аламановдун айтымында, эми чек араны демаркациялоо башталат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG