“Акыйкат үчүн” коомдук кыймылынын координациялык кеңеши уюштуруп жашткан курултай саат 10до башталат. Курултайга жалпысынан бир жарым миңге чукул делегаттын келээри күтүлүүдө. Жыйында өлкөдөгү саясий-экономикалык абал, азык-түлүк коопсуздугу, энергетика маселеси талкууланып, жыйынтыгында резолюция кабыл алышмакчы. Элдик курултайда “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев - өлкөдөгү саясий кырдаал, Коомдук парламенттин төрагасы Абдыганы Эркебаев – Конституциялык реформа жана парламент тууралуу, “Акыйкат үчүн” кыймылдын координациялык кеңешинин жетекчиси Аликбек Жекшенкулов – “Өнүгүүнүн ыймандык жана адеп-ахлактык негиздери” деген темада доклад окушат. Бул тууралуу "Азаттыкка" Коомдук парламенттин башчысынын орун басары Асия Сасыкбаева билдирди. (ZMa)