Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:30

11:20 Бейөкмөт уюмдар президентке чегара боюнча кайрылуу жолдошту


Кыргызстандагы бир катар бейөкмөт уюмдар президент Курманбек Бакиевге жолдонгон кайрылуусунда кыргыз жерин жана төрт пансионатты Казакстандын менчигине берген мыйзамга каршы кол коюну талап кылышууда. Анда мурдагы совет доорунда курулган эс алуу жайларынын башка мамлекетке берген бир да учур болгон эмес жана бул чечим Кыргызстанда чет мамлекеттин анклавын пайда кылат деп белгилешип, аталган мыйзамдарды кабыл алган парламенттин легитимдүүлүгү да шек санатаарын билдиришти. Кайрылуу ээлеринин билдирүүсү боюнча, аны колдогон бейөкмөт уюмдардын саны арбып баратат.(BD)

XS
SM
MD
LG