Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:31

Өтүп бараткан аптада өлкөдө бир катар олуттуу, керек болсо тарыхый окуялар болуп өттү. Парламент 2001-жылы президенттер кол койгон кыргыз-казак чегара --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/04/08070746-8EDB-4D33-8F2A-32143B8BA3FA.asp макулдашуусун ратификациялап, Ысыккөлдөгү төрт пансионатты Астанага өткөрүп берүү маселесин чечти. Ал эми кечээ, ишемби күнү “Акыйкат үчүн” кыймыл алгачкы элдик курултайын өткөрдү.

Кытай, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан менен тышкы чегарасы бар Кыргызстан Кытай менен гана мамлекеттик чегарасын аныктап алган. Ал чегараны аныктоо Үзөңгүкууштун Кытайга берилишинин чуусу менен коштолгону белгилүү.

Казакстан менен 2001-жылы кол коюлган мамлекеттик чек ара жөнүндөгү келишим экинчи, үчүнчү чакырылыштагы Жогорку Кеңешке ратификациялоого коюлуп, бирок депутаттар тарабынан четке кагылып келинген. Четке кагууга Каркыра жайлоосу, Токмокко жакын жердеги жол, Таластагы карьера жана Көксай айылындагы чек ара сызыгынын өтүшү себеп болуп келген.



11-апрелде маселе азыркы, төртүнчү чакырылыштагы Жогорку Кеңештин күн тартибине коюлганда парламенттеги социал-демократиялык жана коммунисттик фракциялар ратификациялоого шашпоого чакырышты. Социал-демократтардын лидерлеринин бири Роза Отунбаева чегара боюнча ушул кезге чейин түшүндүрүү иштери жүргүзүлбөгөнүн белгиледи:

-Мурунку президент өзүнө жоопкерчиликти алып, үч талаштуу жер боюнча айтылгандарды укпай, өзү барып колду коюп койгон. Эми ошондон бери эл ичинде түшүндүрүү иштеринин жүргүзүлбөгөнүнө мен өкүнөм. Ошондуктан биз бул маселеде шашпай жана аны жаңжалга айлантпашыбыз керек. Биз мындай маселелерди сапарларга даярдабашыбыз керек. Мындай маселелер өз орду менен чечилиш керек.

Роза Отунбаева сапар жөнүндө айтканда, Курманбек Бакиевдин апрель айынын ортосунан кийин Казакстанга боло турган расмий сапарды көңүлгө туткан. Социал-демократтардын дагы бир өкүлү Мурат Жураев да чек ара боюнча келишим президент Курманбек Бакиевдин Казакстанга сапарынын алдында шашылыш талкууга коюлганын белгиледи. Аларга Жогорку Кеңештин төрагасы Адахан Мадумаров мындай деп жооп берди:

-Визитке байланыштарбагыла дегендерге президенттин позициясын айтып коеюн. Ал киши өзү суранган, менин расмий сапарыма бул маселени аралаштырбагыла деп. Бирок кечээ комитеттин төрагалары, фракциялардын жетекчилери отурганда “Ак жол” фракциясынын лидери Элмира Ибраимова, социал-демократтар фракциясынын төрагасы Бакыт Бешимов, комитеттин төрагалары кайра-кайра суранып отуруп, күн тартибинде жок нерсени добуш берүү менен күн тартибине киргизишкен. Муну администрация да суранган эмес, президент да суранган эмес, мен да сураган эмесмин. Мына ушул жерде отурган коллегаларыбыз суранып, бүгүн ушуну тездетип, карап беришибиз керек деген маселени койгон.



Депутаттарга келишим боюнча түшүндүрмө берген өкмөттүн регионалдык маселелер боюнча бөлүмүнүн башчысы Саламат Аламанов cүйлөшүүлөр кайсы документтердин негизинде жүргүзүлгөнүн айтып берди :

-Сүйлөшүүлөрдөгү биздин нормативдик база 1930-жылкы Бүткүл Россиялык Борбордук аткаруу комитетинин Кыргыз жана Казак АССРлеринин чек аралары жөнүндөгү токтому болду. Жардамчы материал катары 1961-жылы Кыргыз Жогорку Советинин Президиумунун “Кыргыз ССРинин чек аралары жөнүндөгү” жардыгы пайдаланылды. Мына ошол документтердин жана аларга тиркелген карталардын негизинде биз казак тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнбүз.

Аламанов айтымында, сүйлөшүүлөрдө эки тарап бир катар жерлерди өз ара алмаштырууга барышкан.

Талкуунун жүрүшүндө “Ак жол” фракциясынын депутаттары бул келишимди ратификациялоого чакырышты. Коммунисттик жана социал-демократиялык фракциянын депутаттары каршы болушту. Коммунисттер лидери Исхак Масалиев каршылыгын мындайча негиздеди:

-Биздин фракциябыз бул мыйзамдын долбоорун колдобойт. Экинчиден, бул мыйзамды колдобогондун себеби 2003-жылдагы биздин жетекчибиз Абсамат Масалиев, депутаттар Адахан Мадумаров, Турсунбай Бакир уулу жана Азимбек Бекназаровдун сунуштарын колдоп, бул долбоорду четке кагыш керек. Үчүнчү, бугүнкү долбоорду сөзсүз эки окууда, 3/2 кем эмес добуш менен кабыл алыш керек. Себеби бул мамлекеттик чек араны өзгөртүү.

Ал эми социал-демократиялык фракциянын лидеринин орун басары Иса Өмүркулов:

-Бүгүн ушул маселени карап жатып, кыргыз-казак ортосундагы достукту да сыйлаш керек. Ошону менен бирге өзүбүздүн кызыкчылыкты унутпаш керек. Мына расмий түрдө талаш делген 15 участок бар деп жатабыз. Андан тышкары расмий эмес ондогон участоктор бар. Мына ошолордун баарын тактап, баарын комплекстүү карамайынча, бул маселени бүгүнкү күндө бекитүүнүн эч зарылчылыгы жок, - деген Өмүркулов алардын фракциясы келишимге каршы добуш беришеерин билдирди.

Талкуу жана жарыш сөздүн соңунда төрага Адахан Мадумаров кыргыз-казак чек ара макулдашуусун ратификациялоону добушка койду. “Ак жол” фракциясы парламентте конституциялык көпчүлүккө ээ болгондуктан 66 добуш менен келишим ратификацияланды. 14 депутат каршы, 3 депутат калыс пикирин билдирди.



Ушул эле күнү түштөн кийин депуттар Казакстанга байланыштуу дагы бир маселени чечишти. Ал Ысыккөлдөгү төрт пансионатка байланыштуу маселе болду. Казак тарап ал пансионаттарды СССРдин мезгилинде алар курганын айтып, пансионаттарды Казакстандын менчигине өткөрүп берүүнү талап кылып келет. Бул маселе да мурдагы парламенттердин кароосуна коюлуп, бирок өтпөй келген.

Германиядан эмгек өргүүсүнөн келгенден кийин өкмөттүн кеңири жыйынын чакырган президент Курманбек Бакиев пансионаттар 49 жылга Казакстанга берилиш керектигин, андан Кыргызстан ала турган пайда бар экенин билдирген. 11-апрелде депутаттар алдына чыккан Мүлктү каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Адамжан Жолдошев төрт пансионат жайгашкан жер Казакстанга ижарага берилерин негиздеди. Бирок оппозициялык коммунисттик жана социал-демократиялык фракциялар пансионаттарды берүүгө каршы болушту.

“Ак жол” фракциясынын айрым депутаттары пансионаттар алгач Кыргызстан менчигине алынып, андан кийин Казакстанга ижарага берилсе туура болоорун белгилешти. Депутат Жангороз Каниметов:

-Бул жерде бир гана коркунуч турат: биз азыр ижарага алды деп жатабыз. Эгерде берип койсок Гонконг сыяктуу бизге кайтарып береби? Бербей калышы мүмкүн экен. Кептин баары ушундай болуп турат. Ошон үчүн биз биринчи кыргыздын менчигине алышыбыз керек. Бирок биз менчикке албай жатабыз. Экинчиден, бул жерде анклав түзүлүп жатат. Шахимардан жана Сох сыяктуу. Ошон үчүн биринчи менчикке алып туруп, андан кийин ижарага берели берсек.

Бирок маселе добуш берүүгө коюулуп, аны колдоп 59 депутат добушун берди. Ал эми каршы болгондор 17 болду. Бул келишимди ратификацияланышы менен Казакстан менчигине Ысыккөлдүн жээгиндеги “Самал”, “Автомобилист”, “Олимп” пансионаттары жана Казакстан мамлекеттик университетинин эс алуу лагери өттү.



Жогорку Кеңеш мына ушундай маанилүү маселелерди чечкендин эртеси күнү, 12-апрелде оппозициялык “Акыйкат үчүн” кыймыл элдик курултай өткөрдү. Курултайга 1.5 миңдей делегат катышты. Оппозиция лидерлери курултайда бийликти сынга алып, жаңыдан парламенттик шайлоо өткөрүлүш керектигин билдиришти.
Саясий доклад менен чыккан “Ата мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев:

-Азыркы бийликте Кыргызстанды өнүктүрүүнүн реалдуу программасы жок. Болгон да эмес. Кокусунан андай программа пайда болгон күндө бул бийлик аны аткара албайт. Анткени өткөн үч жылдын ичинде бийлик убакытты текке кетирди жана мамлекеттик саясаттын башкы таяначы элдин мамлекетке жана анын аткаминерлерине болгон ишениминен такыр кол жууду.

Текебаев бийлик чет өлкөлүк энергетикалык барондорго таянып, энергетика тармагын менчиктештирүүгө шашып жатканын кошумчалады.



Оппозиция лидерлеринин бири Темир Сариев өлкөнүн экономикалык абалына арналган доклад жасап, экономикадагы башкы оору-коррупция, жумушсуздук, баанын өсүшүнө тоскоолдуктун жоктугу жана мыйзамсыздык деп билдирди.

Көмүскө экономика ички дүң продукциянын 50-60% ээлеп калды жана мамлекеттин бюджеттин 30% уурдалып жатат деп белгиледи. Майда чарбалардын өндүрүшүн колдоо жок, адам укуктарын коргоо камсыздалбаган деп, мындай экономикалык саясатты жоюу үчүн алдыдагы 3 жыл ичинде ички дүң продукциянын көлөмүн 2 эсеге көбөйтүү, азык-түлүк баасын ооздуктап, инфляциянын көлөмүн 5%тен ашырбоо, бюджеттик каражатты пайдаланууга коомдук көзөмөлдү күчөтүү зарыл, деп билдирди.



“Акыйкат үчүн” кыймыл уюштурган Коомдук парламенттин төрагасы Абдыганы Эркебаев 3 жыл мурда болгон март ыңкылабынан кийин саясатта да, экономикада да, социалдык тармакта да эч өзгөрүү болгон жок, конституциялык реформа тескерисинче бир адамдын бийлигин бекемдеген натыйжага алып келди, деп билдирди. Кырдаалды оңдоо үчүн демократиялык принциптерге кайтуу зарыл, ал үчүн президенттик шайлоого чейин аракет көрүү керек деп белгиледи.

Курултай соңунда чечим кабыл алынды. Анын биринчи пунктунда жоопкерчиликсиз бийлик элди кыйын абалга алып келгени белгиленип, президенттен чукул чараларды көрүү талап кылынды. Өкмөттүн иши канааттандырарлык эмес деп табылып, референдумда кабыл алынган Конституция жана Шайлоо кодекси легитимсиз деп таанылды.

Жогорку Кеңешке шайлоо мыйзам бузуулар менен коштолгонуна байланыштуу парламентти таркатуу жана жаңы шайлоолорду белгилөө, энергетика тармагын, жогорку окуу жайларды менчиктештирүүнү токтотуу талабы коюлду. Бул талаптар аткарылбаса, элдик курултай өлкө боюнча нааразылык акцияларын уюштураарын белгиледи.

Президенттин басма сөз катчысы Нурланбек Шакиев "Азаттыкка" Элдик Курултайдын чечимдерин аткаруу мүмкүн эмес, анткени Конституцияны эл өзү гана референдум менен жокко чыгара алат, деп билдирди. Ал ошондой эле курултай сунуштаган экономикалык реформа президент Курманбек Бакиевдин демилгеси менен кабыл алынган өлкөнү өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу менен мурда эле башталганын белгиледи.

Ошентип, өткөн апта оппозициянын саясатка жаңы дем менен кириши, бийликтин болсо эл ичинде колдоого ээ болбогон Казакстанга пансионаттарды берүү жана кыргыз-казак чек ара макулдашуусун ратификациялоо менен соңуна чыкты.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG