Жогорку Кеңештин эл аралык жана парламент аралык кызматташтык боюнча комитети Корея Республикасына Кыргызстандын атайын ыйгарым укуктуу элчиси кызматына Туйгуналы Абдыраимовдун талапкерлигин жактырды. ТАбдыраимов убагында БШКнын төрагасы, Саламаттык сактоо министри болуп иштеген. Маалыматка караганда Корея Республикасында кыргыз элчилиги үстүбүздөгү жылы ачылышы күтүлүүдө. (AJ)