“Түндүк электр станциясын” менчиктештирүүгө же ижарага берүүгө болот. Ал эми ири жана майда ГЭСтерди, улуттук электр тармагын менчиктештирүү жана сатуу жөнүндө сөз да болбошу керек, дейт экс-депутат Райымбек Мамыров. Анын айтымында, Токтогул суу сактагычындагы суунун аз топтолушундагы көйгөйлөрдү коңшу мамлекеттерге жеткиликтүү түшүндүрүп, алардын сууга болгон мамилесин өзгөртүү зарыл. (AJ)