Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:51

АРАП, ПЕРС ЖАНА ВИКИНГ СООДАСЫ ТЫЙЫH АРКЫЛУУ ДАЛИЛДЕНҮҮДӨ


Элеонора Бейшенбек кызы, Прага Швед археологдору Стокгольмдан анча алыс эмес аймактан викингдердин дооруна таандык байыркы араптардын күмүш тыйындарын таап алышты. Окумуштуулардын маалымдашынча бул тыйындар Багдад, Дамаск жана Персиядан биздин кылымдын 600-жылдарындан соң алынып келинген. Окумуштуулардын пикиринде мындай табылга Европа менен Жакынкы Чыгыш ортосунда байыртан эле соода-сатык байланыштардын болгондугун тастыктайт.

Азыр дүйнөлөшүү жараяны тууралуу кеңири айтылып жатканы менен бул жаңы эле пайда боло калган кубулуш эместиги анык.

Дүйнөлүк соода байыркы доорлордо да болгону Швецияда табылган чет өлкөлүк тыйындардын табылышы менен ого бетер тастыкталды окшойт:

Окумуштуулардын божомолунда тыйындар Багдад менен Дамаскта биздин кылымдын 500-840-жылдар аралыгында жасалган. Мындай тыйындар казынасы Швецияда 1820-жылдары да табылган. Табылга викингдер менен арап соодагерлеринин ортосунда соода карым-катышы бир нече жүз жылдар бою гүлдөп өнүккөнүнөн кабар берет.

Викингдер Орто Чыгышка жаныбарлардын терисин, бугулардын мүйүзүн, мал, бал, баалуу таштарды жана кулдарды алып келип, перс айнек идиштерине, жибекке жана башка баалуу буюдарга жана күмүш тыйындарга айырбаштап кетип турган. Швед археологу Луиза Эваннинин айтымында, күмүш тыйындарды викингдер абдан баалашкан, анткени ал кезде өздөрүнүн мындай тыйындары болгон эмес эле.

-Викингдердин мекенинде тыйындар аларга кандайдыр бир чоң макам берип турган. Алар тыйындарды азыркы биздей болуп колдонушчу эмес. Тыйындар алар үчүн күмүштүн наркынан улам баалуу байлык болгон.

Ошол кезде күмүш тыйындардын айрымдары ээритилип, ага баалуу таштар чөгөрүлчү, айрымдары жөн гана сакталып Скандинавиядагы викинг коомчулугунда сатылчу. Археолог Эванни айымдын айтымында, акыркы табылга - кээ бир күмүш тыйындар дагы башка максаттарда колдонушу ыктымалдыгынан кабар берет:

-Биз мындай күмүш казыналарды отурукташкан аймактардан, үйлөрдөн же үйлөрдүн чалдыбарынан, болбосо короодон тапчубуз. Эми минтип анын эски күмбөздөн, болгондо да тыйындар жасалган доордон алда канча мурунку көөнө мүрзөдөн табылышы өтө кызык болуп турат.

Көрүстөн байлык сактоонун ары коопсуз, ары ыңгайлуу жайы болгон.

Азыр швед окумуштуулары тыйындарды викингдер оо дүйнө салган ата-бабаларынын арбагынын урматына арнашканбы же күмбөздү байлыкты көздөн далдаа сактоочу жай катары колдонушканбы, деп талашып-тактап жатышат. Ал убакта баардык эле викингдер күмбөздү тоноп, кудай каарына калгысы келген эмес. Ушундан улам көрүстөн байлык сактоонун ары коопсуз, ары ыңгайлуу жайы болгон.

Окумуштуулардын айтымында, викингдер тыйындарын кийинчерээк гана биздин кылымдын 995-жылдары чеге башташкан.

Көптөгөн соодагерлер азыр доллар же еврону аймактык жана эл аралык валюта катары колдонгондой, Скандинавиядагы викингдер мындан миң жылдан ашыгыраак убакыт мурун Багдадда жана жалпы эле Жакынкы Чыгышта чегилген күмүш тыйындарды – дирхамдарды колдонушкан.

“Дирхам” сөзү – байыркы ирандык акча бирдиги “драхмадан” келип чыккан. Айтмакчы, “доллар” сөзү да англис тилине сырттан, болгондо да чех тилиндеги “толларж”, “телларж” сөздөрүнөн киришин эскерте кетели.

Ал эми кыргыздын “тыйын” сөзү болсо орто кылымдарда териси өтө баалуу саналган тыйын чычкандан келип чыккан эне тилибиздин эле сөзү.

Кыргыздар да орто кылымдарда араптар, ирандыктар жана кытай, тибет элдери менен соода алакасын жүргүзгөнү маалым. Бул тууралуу кыргыз тарыхчысы Токторбек Өмүрбеков мындай дейт:

-Байыртадан калыптанган соода жолдорунун системасы болгон. Ушул жолдордон Жер Ортолук деңизине чейин Орто Азиядан соодагерлер товар алып барган. Анын ичинде Кыргызстандан дагы жыйналган товарлар болгону талашсыз. Кыргыздар негизинен аң терилерин чыгарышчу. Өзгөчө түрктөрдүн доорунда темир ээриткенди кыргыздар абдан мыкты билишкен. Темирдин эң мыкты сугарылганы болоттон жасалган курал-жарактары абдан бааланган.

Демек, кыргыздар менен чыгыш Азиянын алакасы Улуу Жибек Жолунун кыргыз тармагы аркылуу жүргүзүлгөн. Ал эми викингдер менен кыргыздар булгар, чеченег, кыпчак чыгыш славяндар ортомчулугу аркылуу гана карым-катнаш жүргүзүшү ыктымал дешет кыргыз тарыхчылары.

Сүрөт itar-tass.com интернет баракчасынан алынды.
XS
SM
MD
LG