Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:03

16:40 Н.Шакиев: Оппозициянын экономикалык өнүгүү программасы жок


Бул тууралуу билдирген президенттин басма сөз катчысы Нурлан Шакиевдин айтымында, оппозициянын алдыга койгон пландары, экономиканы өнүктүрүү багытындагы программасы жок болгондуктан Элдик курултайга алып чыгышкан жок. Курултайда бийликке курулай сын айтылып, конкреттүү сунуштар айтылбады. “Бул курултай бир пикирлеш адамдардын тилектештиги болуп калды”,- дейт Шакиев. Ал эми Коомдук парламенттин төрагасы Абдыганы Эркебаев болсо Элдик курултай “Акыйкат үчүн” кыймылдын биринчи кадамы экендигин, референдум жана парламенттик шайлоо мыйзам бузуулар менен өткөнүн элге жеткирүү курултайдын негизги максаты болгонун билдирди.Ал ошондой эле аталган кыймылдын алдыдагы иш аракеттери шаршембиде өтүүчү координациялык кеңештин отурумунда талкууланарын белгиледи. (AJ)

XS
SM
MD
LG