Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:42

16-АПРЕЛЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Кыргыз ССРинин Элдик комиссарлар кеңешинин 1939-жылдын 16-апрель күнкү токтомуна ылайык, Фрунзе шаарында Кыргыз мамлекеттик институту ачылды. Ишенаалы Арабаев менен Кусейин Карасаев жазган «Алиппе» китеби 1928-жылдын бу күндөрү китеп күйөрмандарынын колуна тийди.

Кыргыз ССРинин Элдик комиссарлар кеңешинин 1939-жылдын 16-апрель күнкү токтомуна ылайык, Фрунзе шаарында Кыргыз мамлекеттик институту ачылды. Өкмөттүк токтомдо каралгандай окуу жайга окучуларды кабыл алуу жай айында жүргүзүлүп, окуу семестри 1-сентябрдан башталмак. Мындан тышкаары, биринчи курска кабыл алуу көлөмү 200 студент менен белгиленген.

Фрунзе ТЭЦ иштеткен электрэнергиясы жалаң эле борбор шаар үчүн колдонулбастан, алыскы райондорго берилип турган. Кыргыз ССР өкмөтүнүн чечимине ылайык 1964-жылдын 16-апрелинен тарта борбордук ТЭЦ иштеп чыгарган электрэнергия Рыбачье шаарына бериле баштады. Фрунзе ТЭЦинин электрэнергиясы Фрунзе-Ысыккөл багытында тартылып, анын натыйжасында көл жээгиндеги порт шаардын 800 квартиралуу үйгө жарык келген.

Фрунзе шаардык аба байланыш агенттиги 1984-жылдын 16-апрелинде авиабилеттерди «Сирена» электрондук системасы менен сатуу ыкмасын колдонууга киргизди. «Сирена» электрондук системасынын ишке кириши билет сатуу жана жүргүнчүлөрдү тейлөө шартын жакшырткан. Натыйжада, мурдагыдай кезек күтүү аз да болсо азайып, кардарлар билетти телефон аркылуу алууга жетишкен.

Кыргызстанда Совет бийлиги орногондон кийин жасалган ири саамалыктын бири - кыргыз жазма маданиятында жасалган реформа эсептелинет. Кыргыздын карлыгач интеллигенцияларынын аракети менен мурдагы араб тамгалары латын графикасына өткөрүлүп, натыйжасында окуу жайлар үчүн жаңы графика менен басылган китептерге болгон муктаждык жаралган. Ишенаалы Арабаев менен Кусейин Карасаев жазган «Алиппе» китеби 1928-жылдын бу күндөрү китеп күйөрмандарынын колуна тийген. Андан кийин Б. Данияровдун «Чен өлчөм», К. Баялиновдун «Түлкү жана суур», «Чабалакей жана жылаан», «Кыргыз кошоктору» аттуу китептер жарык көргөн.

Биолог-профессор Турдаков жетектеген ихтиологиялык экспедиция 1948-жылдын бу күндөрү Ысыккөлгө жасаган илимий изилдөөсүнүн соңуна чыкты. Профессор Турдаковдун аныктоосуна ылайык Севандан алынып келген форель, бир канча ийгиликсиз сыноодон кийин акыры Ысыккөлгө көнгөн. Анткен менен профессор Турдаков севан форелине караганда, Ысыккөлдүн чебагы кыйла өндүрүмдүү жана табыгий шартка ыңгайлашкандыгын белгилеген.

Кыргызстан калктарынын ассамблеясы 2002-жылдын бул күнү «Гражданык коомдогу ынтымак жана ырашкерчиликтин жолдору» аттуу форум өткөрдү.

Бу күнү, 1924-жылы Социалисттик эмгектин баатыры Асан Мамбеталиев жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG