Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:32

СОТ КУМТӨР БОЮНЧА ИШТИ КАРООНУ ТОКТОТТУ


Бишкек райондор аралык соту кыргыз өкмөтүнүн 2003-жылдын 31-декабрындагы Кумтөр --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/02/95D4AABB-9318-4384-980B-CD2B5BF32908.asp долбоорун жаңылоо тууралуу токтомун жокко чыгаруу боюнча Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Кубанычбек Исабековдун арызын кароону токтотту. Ага жоопкер тараптын доогердин эки арызын аталган сот бириктирип карашынын мыйзамдуулугун аныктап берүү боюнча Бишкек шаар сотуна кайрылуусу себеп болду. Кубанычбек Исабеков болсо бул талаштуу маселеге укуктук баа берилишине өкмөт кызыкдар эмес, ошондуктан ишти атайын создуктуруп жатат деп эсептейт.

Бир айдан ашуун убакыттан бери улам артка жылдырылып, созулуп келаткан бул ишти кароону сот бүгүн (17-апрелде) улантмак. Бирок сот ишти кароону улантмакчы болгондо жоопкер тарап - өкмөттүн өкүлү Манас Арабаев соттун доогердин эки арызын бириктирип кароосуна аныктама сурап Бишкек шаар сотуна арыз жолдонгонун айтып, сот ага аныктама бермейинче ишти токтото турууну суранды:

- Бишкек райондор аралык сотунун Кубанычбек Исабековдун эки арызын бириктирип кароо боюнча 10-апрелдеги чечимине аныктама сурап Бишкек шаар сотуна кайрылдык. Ушундан улам бул маселе чечилгенче ишти карабай турууну суранабыз.

Вице-спикер Кубанычбек Исабеков сотко өкмөттүн аталган токтомун жокко чыгаруу боюнча арыздан башка да Кумтөр алтын кенин иштетүү боюнча канадалык инвесторго өкмөт тарабынан берилген лицензияны жокко чыгаруу тууралуу экинчи арызын жолдогон. Доогер лицензия кен байлыктары боюнча мыйзамдын талаптарын бузуу менен берилген деп эсептейт. Сот 10-апрелде бул эки арызды бириктирип кароо чечимин кабыл алган.

Кубанычбек Исабеков жоопкер тараптын мындай өтүнүчүнө каршы чыгып, соттон ишти уланта берүүнү суранды. Анын пикиринде эки арызга тең өкмөт жооптуу болгон соң, аны бириктирип караганга негиз бар жана бул эки иштин маңызы бир:

- Бул эки арызга тең өкмөт жооптуу болуп атат. Эми экөөнү кошпогула деп атат. Бир дагы мыйзамда негиз жок кошпой карасын дегенге. Өкмөт дагы “Камекого” кошулуп алса керек деп ойлоп калдым. Болбосо минтип убара кылбай өкмөт өз токтомун жокко чыгарганга толук укугу бар. Мен жазуу жүзүндө да, парламенттин сессиясынан да кайрылгам, аны жасаган жок. Эми ошону жокко чыгарсын деп сотко берсек аны минтип чоюп атат.

Бирок сот жоопкер тараптын арызын канааттандырып, ишти убактылуу токтотту.

Вице-спикер Кубанычбек Исабеков бул иштин эми ушинтип дагы создуктурулушуна нааразы:

- Сот дагы тайсалдап атат, бүгүнкү чечими тескери деп ойлойм. Эми шаардык сотко барап, алар карап кайра биякка жөнөткөнчө качан... Сот бийлигине да ишенбей калдым. Элдин сотторго нааразылыгы да ушундан экен да. Мен “Центерранын” иши боюнча Америкага, Монголияга барып келдим. Толгон-токой документтерди ала келдик, аларда Кыргызстан алданганы боюнча көп фактылар бар. Аларды жакында ачыкка чыгарабыз.

Ошентип эми улам-улам артка жылдырылып келаткан бул иштин дагы канчага чейин созуулары белгисиз бойдон калды.

1992-жылкы башкы келишим боюнча 2007-жылдын майында алтын кен долбоорун башкаруу Кыргызстанга өтүшү керек эле. Бирок өкмөт аны күтпөй 2003-жылы “Кумтөр” алтын кен долбоорун жаңылоо жөнүндө токтом чыгарып, анын 33% акциясы менен “Центерра Голд” компаниясынын курамына киришине макулдугун берген.
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG