Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:22

ЖАЛАЛАБАТ: “ЭЛ МИТИНГГЕ АРГАСЫЗДЫКТАН ЧЫГАТ”


Куралсыз, тынч жыйналыштар менен митинг-пикеттерге чогулуу жана жөө жүрүштөргө жарандар талап кылган маселелери чечилбей, бийлик алардын үнүн укпай аргасы түгөнгөндө чыгат. Мындай укуктарга парламенттин колу менен чектөө коюлбоосу керек. “Ата Мекен” партиясы менен Коомдук парламенттин Жалалабатка чогулган облустагы активистери 17-апрелде ушундай ойлорун билдиришти. Алардын пикиринде Жогорку Кеңештин комитети элдик жыйналыштар жана көчө жүрүштөрү тынч демонстрациялар жөнүндөгү мыйзам долбооруна өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү сунушун парламент кабыл албоосу керек. Облустун башка тургундары комитеттин долбоорун колдоп чыгышууда.

«Ата Мекен» партиясы менен Коомдук парламенттин облусттагы мүчөлөрү куралсыз тынч жыйналыштарды жана митинг-пикеттер менен көчө жүрүштөрүн өткөрүү жөнүндөгү мурдагы мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Жогорку Кеңештин комитетинин бүтүмүнө каршы болушту. Алардын белгилешинче бийлик комитеттин демилгеси менен элдин табийгый укуктарын чектегени жатат жана мындай саамалык демократиялык баалуулуктарды чектөө менен барабар.

Облустук бөлүмдүн жооптуу катчысы Асылбек Текебаевдин айтымында, бийлик жер сатууга каршы чыккан жаш жарандарды соттордун колу менен айыптоодо. “Мындан ары эркин жыйналуу менен “Ата Мекен” жана көчө жүрүштөрү чектеле турган болсо, биринчи иретте ушундай ыкмалар менен бийликке келгендердин да жоопкерчилигин суроо керек”, - дейт Асылбек Текебаев:

- Муну азыркы өкмөт өзү үчүн мыйзамдаштырып алуу үчүн чечип жатат. 24-март окуяларында азыркы бийликте турган эле адамдар облустук, райондук акимчиликтерди, мэрияларды, шаардык милиция имаратын басып алып, өрттөп, эшик-терезелерин талкалап, банктар тонолгон. Азыркы бийлик өзүнүн азыркы абалын ар кандай жол менен сактап калыш үчүн өзүнүн чөнтөк парламенти аркылуу ушуну мыйзамдаштырып алуунун үстүндө иштеп жатат.

Партиянын облустагы төрагасынын орунбасары Кадырбек Жакыповдун ырастoосу боюнча шашылыш кабыл алынган мыйзам долбоору өлкөдөгү стабилдүүлүккө доо кетирип коюшу мүмкүн. “Аталган мыйзамга болгон кошумча-өзгөртүүлөр коомчулук жана саясий партиялар, бейөкмөт уюмдар менен кеңешкенден кийин талкууга коюлушу абзел”, - деди К.Жакыпов:

- Эл массалары менен кошо талкуулап туруп, анан терең ойлонуп кабыл алыш керек. Эл чыкса эле мыйзам, укук бузуп жиберет деген туура эмес. Эгер мыйзам кабыл алынган болсо бул адамдардын эркин сөз айтуу укугун чектегендин бир формасы болуп калат.

Жарандар митинг менен пикеттерге талап кылган маселеси чечилбегенде аргасыздан чыгат. Ага чектөө коюлса элдин кыжырдануусун жаратат. “Бийлик элдин митинг-пикеттерге чыкпоcун кааласа, анда жашоону жакшыртып, ар бир адамдын укугун баалай билсин”, дейт Kоомдук парламенттин облустагы өкүлү Ильичбек Нарматов:

- Экономикалык туруксуздук, элдер качан гана ачкачалыкта кыйналуу жашоого келгенде гана ушундай жагдай пайда болушу мүмкүн. Элдер өзүлөрү митингге чыгат. Бийликтин туура эмес кылып жаткан тышкы жана ички саясаты айрым адамдарга, бардык элге кысым көрсөтүү менен майлуу-сүттүү жерлерди алып алышкан чиновниктерди көрүп туруп элдин кыжыры кайнат дагы, бул дагы экинчи фактор болуп эсептелет.

Эмне үчүн митингдер белгиленген гана жерде өтүшү керек?

Жалалабат шаарынан дарыгер Турдубай Турдуназаров “парламент комитетинин элдин тынч жыйналышы менен митинг-пикеттер жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөрдү кийирип атканы туура. Демонстрациялар жана нааразылык акциялары коомдук маанилүү жайлар менен Ош-Бишкек, же башка стратегиялык жолдордо өтпөөсү керек. Митингдерди уруксат берилген жайларда өткөрүү керек” деген пикирде:

- Стартегиялык багыттагы жолдорду тосуп алып ошол жерде пикет өткөргөн туура эмес, башка адамдардын укугун тебелеген болот. Жогорку Кеңеште кабыл алып аткан закону туура деп эсептейм. Митингдин белгиленген жери болот, ошол жерде өткөрүп, айта турганын так айтсын. Андан көпчүлүк элдер тажап бүттү азыр.

Митинг-пикеттер өлкөдөгү тынчтыкка доо кетирүүдө. Нааразылык акцияларына чыккандар башка жарандардын, жүргүнчүлөрдүн укуктарын эске албай калган учурлары аз эмес. Сузак районунан Узакбай Маматкуловдун ушундай пикири боюнча көйгөйлүү талаптарды тиешелүү тармактарга кайрылуу аркылуу деле чечсе болот:

- Митинг жолу менен эмес, аны башка жолдор менен чечсе деле болот. Азыр көп жарандарыбыз митингдерге көнүп алышыптыр. Ошол жерге кандайдыр бир зарыл иштер менен барган жарандарыбызга тоскоолдук кылып, ошолордун укугун тебелеп коюп атабыз.

Облустук бийликтин укук коргоо уюмдары боюнча бөлүмүнүн башчысы Кадырбек Бечеловдун жообуна караганда Баш мыйзамда митинг өткөрүүгө уруксат берилген. Бирок митингдерде чектен ашкан мыйзам бузуулар болсо, аларга каршы мыйзамдын алкагында чара көрүүлөрүн жарандар эстей жүргөнү жакшы.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG