Михаил Саакашвилинин билдиришинче мындай аракеттер Грузиянын эгемендигине шек келтирет. Орус президенти Владимир Путин жикчил аймактар - Абхазия, Түштүк Осетия менен кызматташууну күчөтүүнү шаршемби күнү өз өкмөтүнө буйруган. Грузиянын тышкы иштер министри Давид Бакрадзе Москва грузин аймагын мыйзамсыз кошуп алганы жатат деп билдирди.
Грузин президенти Орусиядан Абхазия жана Түштүк Осетия менен кызматташуусун бекемдөөнү токтотууну талап кылды