Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:38

ИРАК НАТОну ӨЛКӨГӨ КӨБҮРӨӨК ЖАРДАМ БЕРҮҮГӨ ЧАКЫРДЫ


Амирбек Усманов, Прага Ирактын өкмөт башчысы Нури Малики Брюсселдеги биринчи ырасмий сапарынан пайдаланып, НАТОго --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/04/30D35081-29F6-47A7-8D79-2534209F224E.asp мүчө өлкөлөрдү Ирактын коопсуздук күчтөрүн машыктыруу программасын кеңейтүүнү жана көбүрөөк каруу жарак берүүнү өтүндү. НАТОнун башкатчысы Яап де Хооп Скеффер өтүнүч караларын, бирок альянста Ирактагы АКШ башындагы коалициялык күчтөрдү алмаштырбасын айтты.

Премьер-министр Малики НАТОго мүчө өлкөлөрдүн элчилери менен бейшемби күнү болгон кездешүүдөн кийин, Брюсселге каруу жарак жана коопсуздук күчтөрүн машыктырып берүүнү сурап келгенин айтты:

-Биз бул жерге уруш майданындагы Ирак күчтөрүн алмаштыргандай кошумча аскер сурап келбедик. Биз аскерлерди көбүрөөк машыктырып берүүнү жана көбүрөөк курал берүүнү сурап келдик. Ирактын коопсуздугу боюнча чоң жоопкерчилик ирактык күчтөргө жүктөлгөн.

Малики Ирак терроризмге каршы согуштун алдыңкы чегинде турганын эскерте кетти. Андан ары НАТО бул күрөшкө «көбүрөөк, тез көмөктөшчү мезгили келгенин» айтып, НАТОнун жардамы жакында Басрада, Багдадда жана башка жерлердеги болгон салгылашnа «урунтуу таянч болду» деди.

НАТОдо азыр Ирак армиясын жана полициясын машыктыруу боюнча чакан программасы бар. Альянстын айрым мүчөлөрү Иракка курал жарак жана башка аскерий техникадан жардам берген. НАТОнун Ирактагы согушка көп аралашпаганы АКШнын өлкөгө басып кирүүсүнө Франция менен Германиянын башынан каршы чыкканына байланыштуу.

Альянстын башкатчысы Яап де Хооп Скеффер Иракка кандай жардам берилиши мүмкүн экенин ачык айтпады. Бирок НАТО Ирактагы коопсуздукка кызыкдар экенин ырастады:

- Түндүк Атлантика Кеңешинин бүгүн эртең мененки жыйыны НАТО альянсы Ирактын туруктуу, коопсуз, гүлдөгөн өлкө болушун кааларын айкын көрсөттү. Ирактагы анын бейкуттугун жана коопсуздугун эле эмес, биздин коомго да жамандык жасоону көздөгөн адамдарга каршы согушуу баарыбыздын милдетибиз.

Скеффердин сөзүнчө, италиялык инструкторлор ирактык полицияны машыктыруусу- альянстын берип жаткан жардамынын мыкты үлгүсү саналат. НАТОнун ай башында өткөн Бухаресттеги саммити Ирактагы инструкторлор миссиясын 2009-жылдын аягына чейин калтырууну оң тапкан.

Скеффер НАТОдо Ирактагы АКШлык же коалицияга кирген башка күчтөрдү алмаштыруу ниети жок, бирок уюм жардамды Ирактын өтүнүчүнө жана өз мүмкүнчүлүгүнө жараша көрсөтөрүн баса белгиледи.

Жакын арада НАТОнун делегациясы Багдадга барат. Максаты - Ирак өз ара кызматташуу боюнча сунуш кылган келишимди талкуулоо.

XS
SM
MD
LG