Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:28

10:50 Парламент мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү кароодо


Долбоордо өкмөткө менчиктештирүүнү Жогорку Кеңештин макулдугусуз жүргүзүү укугу берилген. Маселени кароодо депутат Роза Отунбаева “Биз каякка шашып атабыз, дагы эмнени жутуп алгыңыз келип атат, мырза Турдумамбетов” деп кайрылды. Долбоор боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамкомитеттин башчысы Трусун Турдумамбетов баяндама жасаган эле. Меничктештирүүнү өкмөт Жогорку Кеңештин катышуусусуз жүргүзөт деген өзгөртүүгө СДП жана Коммунисттер фракцияларынын башка депутаттары да каршылыгын билдиришти. Суроолорго жооп берип жатып Турсун Турдумамбетов бул маселеде чечимди өкмөт кабыл алганы менен парламент ал процессти көзөмөлдөй алаарын белгиледи. (SM)

XS
SM
MD
LG