Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:15
“Новый Кыргызстан” гезити “Эмгек миграциясы: граждандардан, генефонддон жана келечектен айрылуу” деген макаласын басты. Кыргызстанда дээрлик сыртка кетип жаткандардын 80 пайыздан ашыгын Баткен менен Жалалабат жана Ош облусунун тургундары түзөрүн, ал эми Ысыккөл, Талас, Чүй аймактарынан кеткендердин басымдуу көбү Казакстанда иштээрин кеп кылган басылма статистика далилин алдыга тартат.

Ага ылайык бүгүн Көкжаңгак шаарынын-29,5, Ташкөмүрдүн-19,8, Кызылкыянын-19,8, Сүлүктүнүн-16,1, Ноокат районунун-29,1, Кара-Кулжанын-36,9, Ноокендин-21,6, Сузактын-19 пайыз калкы өз жеринен иш таппай сыртка ооп кеткен. -Эң опурталдуусу,-дейт гезит,- өлкөнү калктын эң эле активдүү бөлүгүн түзгөн 20дан 40 жашка чейинкилер таштап кетип жатат. Кыргызстанда эмгекке жарамдуу дегендердин жалпы саны 2 жарым миллион адам болсо бүгүн анын 1,8 миллиону гана өз өлкөсүндө калган.

Кыргыз мамлекети болуп жашаган күндөн бери карай өз эркиндигин сүйгөн, чыдамкай, өзүнүн байыркы бай тарыхы менен сыймыктанган калк эч качан бүгүнкүдөй дүйнө кезип мынчалык тентиген эмес. Эң эле кыямат күндөр башына түшкөндө да бирин-бири жөлөп, бирин-бири таяп олтуруп өз өлкөсүн, өзүлөрүн сактап келген.

Кыргыздар өзгөчө Ата Журтун, анын жерин ыйык сактаган. Ал эми бүгүн ушундай асыл элдин мойнуна кайсыл шайтан минди? Элестетүүнүн өзү да коркунучтуу. Анткени кыргыз улан-кыздарын салып алып, таптакыр тааныш эмес, бөлөк-бөтөн жактарга алып кетип бараткан поюз дөңгөлөгүнүн бир калыпта тыкылдаган ыргагы алардын жүрөгүндөгү “Ата Журт”, “Ата-бабалардын бизге калтырган ыйык жери” деген түшүнүктөрүн тебелеп-тепсеп, өчүрүп кетип баратат. Эми алар үчүн мындан ары Эл, Жер сыяктуу кымбат нерселер анча деле маанилүү эмес. Баарынан азаптуусу ушул, - деп жазды Ольга Назаренко аттуу автор.

Каркыранын казактарга кетишине каргыш ырды кечээ “Де-факто” гезити жарыялады эле бүгүн ушундай эле мазмундагы ырды “Аалам” гезити басты. Үзүндү келтирели:

Кан-бектер күйбөйт эл үчүн
Калмактын каны бар тура.
Айдаган малы ажонун,
Аңга түш “Акжол” партия.
Баарысы бүтүп акыры
Балдарыңарды саткыла.
Алпарып цирктин жанына
Алганыңарды саткыла.
Азапка түшсүн силердин
Алпештеп баккан апаңар.
Тозокко түшсүн ушундай
Тарбия берген атаңар.
Тукумуңар үзүлүп,
Түгөнсүн бала-чакаңар!
Армандуу элдин шоруна
Жер менен Элин кордогон
Жазасын алат колуна.
Жер албай сасып тарпыңар
Жем болсун кузгун-жоруга!
-деди Атай Талас аттуу жашыруун ысымдагы акын.

Ушул эле гезиттин баяндамачысы Үсөн Касыбеков айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министринин орунбасары Ахмаджан Махаммадов азык-түлүк продуктыларына баанын кескин өсүшү болбойт, Бишкектин кайсы гана базарына барба ун жетиштүү, ушунун өзү деле жаман эмес деп койкоңдоп жатканын, ал эми бүгүн социалдык тармакта иштегендердин айлык акысы-3186, мугалимдердики-2876, врачтардыкы-2649, айыл-чарба кызматкерлериники 1703, балыкчылардыкы-1611 сомго туура келерин, ошол эле учурда минималдык керектөө корзинасы 3000 сомдон кем эместигин, мындай айлык акылар менен Кыргызстанда бир жума да оокат кылуу мүмкүн эместигин баяндады.

“Жаңы кылым” гезити ошол эле айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министри А.Ногоев өлкөдө канча гектар сугат жери бар экенин билбеген соң андан быйылкы күздүн түшүмү кандай болорун деле сурап зарылдыгы жоктугун, ал Бишкектин мэри болуп турганда Ататүрк багында башаламан үй курууларды токтотмок турсун алардын күчөшүнө жол бергенин, шаардагы таштандыларды ташымак тургай, ага шаардыктар көмүлө турган болуп , президент Бакиев бул боюнча ага эскертүү жасаганда Ногоев мырза “таштандынын көбөйүшү - жакшы жашоонун белгиси, анткени эл көп керектеп жатат” деп жооп бергенин, демек министр мырзанын ою боюнча нандын тартыш болушу да жакшы жашоонун белгиси болорун, анткени эл нанды көп жеп жатпайбы, деп какшыктады.



“Агым” гезити белгилүү коомдук ишмер Бегиш Ааматов менен аңгеме курду. Бегиш мырза кыргыз өкмөтү бүгүн стратегиялык объектилерди сатканы турганын, суу сактагычтардан, Токтогул каскадынан ажырап, малы көбөйгөн казактар эми Суусамырды, кытайлар Алай менен Аксайды бер деп чыгышы мүмкүндүгүн, ошондой эле Чүйдүн талааларынан айрылып калышыбыз ыктымалдыгын, анткени бул аймакта 50 гектарга чейин жер сатыларын, 18 жылдан бери мамлекет куралбай, өлкөбүз башкалардын көзүн карап, суранып-тиленип жатканын белгилеп, бирдеме десе эле үйлөр курулуп жатат дешерин, аларды кыргыз өкмөтү эмес, корейлер, түрктөр, орусиялыктар куруп атканын, кытайлар менен бирдикте цемент заводун куруп жатабыз дегендери менен түпкүлүгүндө ал кыргыздыкы болуп каларына ишенбестигин, анткени Канттагы цемент-шифер комбинатын деле казактарга биротоло өткөрүп беришкенин далилге тартты.

Бегиш Ааматов сөзүн андан ары улап, электр энергиясын экспорт кыла турган өлкө бүгүн чырак менен олтурганын, ушу кезде өлкөдө 14 миллиард киловатт саат электр энергиясы өндүрүлсө анын 4 миллиард киловатт сааты четке сатылып, 6 миллиард киловатт саатын Кыргызстан керектээрин, калган 40 пайызы уурдалып жок болорун, кокус баягыдай Баткен окуясы кайталанса, Баткенди тажиктер ээлерин, анткени ал жердеги элдин тең жарымы тентип жүргөнүн, өз короо-ташын сатып “Мерседес” минип, анысы эки жылда жыртылып, кайра там алалбай калган көлдүктөрдү көргөнүн, демек бүгүн өз жерин, өз үйүн көр дүйнөгө алмашып аткандардын кесепетинен көлгө эртең башкалар ээлик кылып каларын айтып чыкты.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG