Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:05

Олимпиадалык отту кабыл алуудан Жапон чиркөөсү баш тартты


Мындай кадамга баруу менен Жапониядагы эң чоң будисттик чиркөө тибеттиктерди колдоорун билдирди. 26-апрелде Олимпиада отунун дүйнө жүзү боюнча сапары Жапонияда уланып, белгилүү Зенкожи (Zenkoji) чиркөөсүнөн башталмак.

Эске сала кетсек, Олимпиада отунун бул жылкы сапарын Кытайдын Тибеттеги жана Дарфурдагы саясатына каршы демонстрациялар коштоодо. Парижде жана Сан-Францискодо өткөн толкундоолор кайталанбашы үчүн бейшемби күнү Индианын борбору Нью-Делиде буга чейин болуп көрбөгөндөй коопсуздук чаралары көрүлдү. Олипиада оту Кытай коопсуздук кызматкерлеринин коштоосунда өз сапарын Индиядан Тайланддын борбору - Банкокту көздөй улантмакчы.

XS
SM
MD
LG