Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:33

Жогорку Кеңеш жума күнү менчиктештирүү программасын өкмөт мындан ары парламенттин макулдугусуз эле жүргүзүүсүнө, электр энергиясын товар катары сатууга жол берген жана стратегиялык жайлар тууралуу 3 маанилүү мыйзамды кабыл алды. Бул мыйзамдар энергетика тармагы менчикке жең ичинен өтөт деп кооптонуп турган коомдо дароо карама-каршы пикир жаратып, укук коргоочуларды тынчсыздандырууда.

Жогорку Кеңеш аталган мыйзамдарды кабыл алаары менен эле укук коргоочулар электр энергиясын товар катары сатуу Кыргызстанды энергетикалык алааматка туш кылып, энергетика тармагын ээлеп калгысы келген чет өлкөлүктөрдүн монополиясын пайда кылат деп билдиришти. Алардын бири “Кылым шамы” укук коргоо борборунун төрайымы Азиза Абдрасулова:

- Энергетика тармагы менчиктештирилип, аны чет элден келген бирөө сатып алса, анда ал чет өлкөлүк кожоюн катары укукка ээ болот. Ал Кыргызстандын мыйзамдарына кааласа баш ийип, каалабаса баш ийбей коет. Андан тышкары электр энергиясына тарифтерди каалагандай көтөрүп, Кыргызстан Тажикстан быйыл туш болгондой гуманитардык алааматка туш келиши ажеп эмес.

Ал эми “Коомдун психикалык саламаттыгы” укук коргоо уюмунун жетекчиси Бурул Макенбаева мындай чечимдер улуттар аралык ири программанын алкагында жасалып, аны аткаруу “Ак жол” баштаган парламентке жүктөлгөн деп билдирди:

- Бул жерде улут аралык компаниялардын кызыкчылыгы турат. Анан “Ак жол” партиясын түзүү алардын бир бизнес долбоору болгон деп ойлоп жатабыз. Анткени “Ак жол” партиясы ушундай мыйзамдарды кабыл алуу үчүн бийликке атайын алып келинген. Кыргызстан улут аралык компаниялар үчүн товар болуп калат деп коркуп турабыз.

“Асаба” улуттук кайра жаралуу партиясынын төрагасы Азимбек Бекназаров болсо ушундай программаларды парламент жогорку бийликтин көрсөтмөсү менен гана кабыл алууда деген пикирде:

- Парламент кожоюну үчүн өлүп-талып “5” деген баага кызмат кылып берип жатат. Элди унутушту. Бүгүнкү бийлик Кыргызстан үчүн иштеген жери жок, чет элдик инвесторлор үчүн иштеп жатат.

Кыргызстандын экс-өкмөт башчыларынын бири Амангелди Муралиев парламент менчиктештирүүнүн кесепети алып келчү жоопкерчиликтен качып, аны өкмөткө берди деген ойдо:

-Бул чечим туура эмес. Азыр саясат стратегиялык негизги тармакты менчиктештирүү багытына кетип баратат. Ошондуктан муну Жогорку Кеңеш чечиш керек. Бирок Жогорку Кеңештеги депутаттардын көпчүлүгү “Ак жол” партиясынын мүчөлөрү да. Ошон үчүн алар жоопкерчиликтен качып, күнөөнүн баарын өкмөткө жүктөгөнгө аракет кылып жатат. Элди ойлогон депутаттар мындай маселелердин баарын өздөрү карап, чечиш керек эле.

Ош облусунун экс-губернатору Жантөрө Сатыбалдиев да улам алмашкан өкмөттүн жоопкерчилигин элдин өкүлдөрү отурган парламент менен салыштырууга болбойт дейт:

-Өкмөт менчиктештирүүнү парламентсиз жүргүзсө, азыркы шартка такыр туура келбейт. Анткени азыр менчиктештирилет деп жаткан энергетика тармагы өтө маанилүү тармак. Аны эл менен акылдашып гана чечүү керек. Өкмөт аны ишке ашыруу милдетин өзүнө алган менен ар бир өкмөт убактылуу гана өкмөт болот. Кийин жооп берүүгө келгенде ал өкмөт жок болуп калышы мүмкүн. Ошон үчүн бул маселени Жогорку Кеңештин чечими менен гана кабыл алган жакшы. Себеби Жогорку Кеңеште кандай жол менен келгендигине карабастан элдин атынан шайланып келген депутаттар отурат. Ошон үчүн бул мыйзамга президент каршы кол койсо деген ойдомун. Ал эми электр энергиясын товар катары сатуу туура. Анткени аны кызмат көрсөтүү деп белгилеп койгондон улам карыздардын көбөйүшүнө жол ачкан. Бирок анын тарифин белгилөө, сатуу жана энергетика тармагын менчиктештирүү сөзсүз түрдө Жогорку Кеңештин макулдугу менен чечилиш керек эле.

Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Базарбай Мамбетовдун оюнда, менчиктештирүү жана стратегиялык жайларга камкордук көрүү ишин өкмөткө берүү туура, себеби экономикалык маселелерди чечүү бир гана өкмөттүн колунда болуш керек:

- Жогорку Кеңеш ал ишке кийлигишпеш керек. Анткени азыр Кыргызстандын электр энергия тармагы абдан кыйын абалда турат. Аны жакшыртуу боюнча жакшы бир саясат жүргүзүлмөйүн иш оңолбойт. Жогорку Кеңеш ал көйгөйдү чече албайт. Өкмөттү түзгөндөн кийин ага толук ишенип, бүт иштерди берүү керек. Ал эми Жогорку Кеңеш мыйзам чыгаруу иши менен гана алектениши керек.

“Кылым шамы” укук коргоо борборунун укуктук эксперти Абдыкерим Ашыров болсо стратегиялык жайлар жөнүндөгү мыйзам улуттун коопсуздугуна коркунуч алып келиши мүмкүн деп тынчсызданат:

-Стратегиялык жайлар улуттук коопсуздукка кепил болуш керек. А бул мыйзамда стратегиялык жайлар менчикке өтүшү мүмкүн деп жазылып турат. Мындай жайларды менчикке алган адам улуттук коопсуздук жөнүндө ойлоно алабы? Мен юрист катары буга абдан катуу күмөн санап турам!
XS
SM
MD
LG