Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:40

14:28 Элдик курултайдын чечимдери Базаркоргондо айылдык кеңеш депутаттарынан колдоо табууда


Райондогу айылдык кеңештин депутаттары элдик курултайдын чечимдерин колдоого алуу жөнүндө кайрылуу менен элге чыгышты. Алар сөз жана басма сөз эркиндиги менен адам укуктарын чектөөнү, энерго тармактар менен жерлерди жеке менчикке сатууну, кен байлыктарды жең ичинен бөлүштүрүүнү токтотууну талап кылышты. Экономикадагы кризистин алдын алынбагандыгы, коррупциянын күчөп, кызматка ыймандуу адамдар келбегендиги, чегара маселесинин жөнгө салынбаганы үчүн бийликти сынга алышып, бийлик менен эл ортосундагы ажырым күчөп баратат деп белгилешти. Мындай маалымат бүгүн райондун Акман жана Базаркоргон айылдарынын депутаттары Олжобай Боромбаев менен Шакиржан Шариповдон алынды. Алардын айтымында кайрылууга 16 депутат кол койду жана башка айыл өкмөттөрдө да кол коюулар улантылууда. (YA)

XS
SM
MD
LG