Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:18

15:37 Парламенттен саясий партияны чакырып алуу боюнча мыйзам долбоору даярдалууда


Бул тууралуу демилгелүү топтун мүчөсү Азиза Абдырасулова билдирди. Укук коргоочунун айтымында, мындай аракет бир партиянын өзүм билемдик саясатын тизгиндөөгө жол ачат. Укук коргоочу Нурбек Токтакунов тараткан маалыматка караганда, Жогорку Кеңештин депутатын тигил же бул себеп боюнча өзү мүчө партия чакыртып ала алат. Ошол эле мезгилде партияны шайлоочулар тарабынан чакыртып алуу механизми жаңы мыйзамдарга кирбей калган. Укук коргоочулардын айтымында, жаңы мыйзам иштеп чыгып, ал аркылуу партияны чакыртып алуу механизмин киргизүү демилгесине “Ак жол” фракциясынын кыргыз-казак чегарасына, пансионатка, сууга, энергетикага жана менчиктештирүүгө байланышкан маселелерге өзүм билемдик менен жасап жаткан мамилеси түрткү берүүдө. (BuS)

XS
SM
MD
LG