Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:48

18:03 Жер сатканы үчүн Аламүдүн айыл өкмөт башчысына кылмыш иши козголду


Бул туурасында бүгүн Каржы полициясынын басма- сөз кызматы маалымат таратты. Аламүдүн районундагы Аламүдүн айыл өкмөт башчысы Рустам Жээнбеков А. Жанузаков аттуу жаранга 0,12 гектар жер участкасын жеке турак жай куруу үчүн берген. Тактап айтканда жасалма документтер пайдаланылган. «Ал эми бул кылмыш ишине байланыштуу учурда Аламүдүн районунун акими Саматбек Керимкулов атайын жыйын өткөрүүдө. Бирок териштирүү иштери жүрүп жаткандыктан азырынча жергиликтүү бийлик эч кандай чара колдоно албайт»,- деп кабарлады губернатордун орун басары Турусбек Султаналиев. Мындан үч жыл мурун Чүйдөгү Орок айыл өкмөт башчысы да жер участкасын мыйзамсыз саткандыгы үчүн кызматынан четтетилип, акчалай айып төлөгөн. (JJ)

XS
SM
MD
LG