Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:50

07:40 Бүгүн “Манас” аскерий аба базасын Кыргызстандын аймагынан чыгаруу талабы менен митинг өтөт


Иш чара Жогорку Кеңештин маңдайындагы Ленин эстелигинин жанында өтөт. Митингдин уюштуруучуларынын бири Коммунисттик партиянын төрайымы Клара Ажыбекованын “Азаттыкка” билдиргенине караганда, митинг маалында ошондой эле Украинанын жана Грузиянын президенттерине НАТОго мүчө болуп кирбөө чакырыгы менен кайрылуу жолдонот. Иш чарага “Сергий Радонежский жана Айкөл Манас” фондусу, америкалык аскерий аба базаны өлкөдөн чыгаруу боюнча координациялык кеңештин өкүлдөрү катышат. Базаны чыгаруу талабы менен нааразылык акциялар өткөн жылы жазында болгон. Америкалык аскерий аба база Кыргызстандан чыкмайынча, алар митинг өткөрүүнү токтотпостугун Клара Ажыбекова билдирди. Пландаштырылып жаткан мындай иш чарага байланыштуу “Манас” аскерий базасы ар бир адам өз пикирин билдирип жыйын өткөрүүгө укуктуу деп билдирген эле.(MSu)

XS
SM
MD
LG