Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:31

СОЦИАЛ-ДЕМОКРАТТАР ӨКМӨТТҮН ЭНЕРГЕТИКАНЫ МЕНЧИКТЕШТИРҮҮ ЫКМАСЫНА КАРШЫ


Кыргыз өкмөтүнүн энергетика тармагын менчиктештирүү ыкмасы Социал-демократтар фракциясын тынчсыздандырууда. Бул ириде Жогорку Кеңештин менчиктештирүү жараянынан четтетилиши менен негизделүүдө. Буга байланышкан көз карашын бүгүн фракция энергетиканы менчиктештирүүгө --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/04/A2F57E6C-795C-4666-A3DA-7FA127DFFE90.ASP байланышкан парламенттик угуудан кийин коомчулукка жарыялады.

Өздөрүн конструктивдүү оппозицияда санаган парламенттеги социал-демократтар фракциясы өкмөттүн энергетика саясатына канагаттанбаган саясий күчтөрдүн бири. Менчиктештирүү бир жактуу, шашылыш ишке ашып жатат деп эсептеген фракция менчиктештирүүнүн референдум аркылуу ишке ашышын каалоодо.

Фракция мүчөсү Роза Отунбаеванын көз карашында өкмөт азыр менчиктештирип жаткан электр тармактар ишканалары элдин менчиги, ага жараша элдин көзөмөл жүргүзүүгө толук укугу бар:

- Өкмөттүн жасап аткан иштери элди түртүп атат. Элдин өкүлү Жогорку Кеңештин да эч нерсеге тиешеси жок болуп калды. Баарынан бизди чыгарып салды мына. Көпчүлүк добуш менен колдоо дегенден башка тиешебиз болбой калды.

Парламент 18-апрелде кабыл алган “Мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндөгү” мыйзамга стратегиялык саналбаган объектилерди өкмөт парламенттин макулдугусуз эле өз алдынча чечери тууралуу жобо киргизилген. Муну мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Турсун Турдумамбетов өкмөттүн жоопкерчиликти өзүнө алуу аракети менен байланыштырган. Бул тууралуу Турдумамбетов парламентте социал-демократтардын депутаты Руслан Шаботоевдин суроосуна жооп берип жатып билдирген:

- Сиз ошентип ойлоп атасыз. Биз андай ойдо эмеспиз. Тескерисинче, бул өкмөттүн иши, өкмөт мойнубузга алып иштейли деп атабыз. Биз өкмөттө ушундай чечтик.

Алдыда менчиктештирилүүгө жылуулук тармактар ишканалары берилери күтүлүп жатат. Социал-демократтар объектилер сатууга ар тараптан даярдалып бүткөндүгүн белгилөө менен, анын коррупциясыз таза менчиктештирилерине көзү жетпей жатканын айтышууда:

- Азыр энергия тармактагы жооптуу кызматкерлердин кирешелери кантип түптөлүп атат? Ошонун механизмин табышыбыз керек. Жанагы 38% жоготуу деген абдан чоң жоготуу. Бул кимдин чөнтөгүнө кетип атканын эл да түшүнүшү керек, - дейт Роза Отунбаева.

Отунбаева коррупцияга жол бербөө үчүн бөлүштүрүүчү компанияларда коомдук кеңеш, интернет сайт, көз карандысыз регулятор болушун, терең адистешкен бейөкмөт уюмдардын болушун каалайт.

Учурда өкмөттүн менчиктештирүү саясатын кескин сынга алып жаткан укук коргоочулардын бири “Кылым шамы” борборунун башчысы Азиза Абдырасулова энергетиканы менчиктештирүүгө өкмөт азыр даяр эмес, бир да мамлекеттик структурада антикризистик программа жок, ошондуктан убактылуу мораторий жарыяланышы керек дейт. Ошондуктан, укук коргоочу келерки 10-15 жыл аралыгында 2001-жылкы улуттук программанын чегинде инвесторлорду тартуу аркылуу чакан ГЭСтерди куруу азыркы аракеттерден алда канча коопсуз жана пайдалуу болорун белгиледи. Ансыз Кыргызстан Тажикстандын кейпин кийип калышы ажеп эмес:

- Тажикстандын Хужаб облусундагы энергетикалык тармак Ирандын менчигине 12 жылга берилип кеткен. Күрөө катары берилгени менен ирандыктар ал жерде кожоюн болуп турат. Бул 2007-жылдын жай айында ишке ашты. 2008-жылкы кыш оор болду да тажиктерге. Четтен келгендер тажик элинин кыйынчылыгына көңүл бөлгөн жок. Ирандык ишкерлер ал жерге байыганы келишкен.

Өкмөт болсо, тескерисинче, энергетикалык кризистен чыгуунун жолун бул тармактагы ишканаларды менчиктештирүүдөн көрүп, ансыз Тажикстандагы энергетика кризиси келерки жылы Кыргызстанда кайталанабы деп чочулап турат.
Ага жараша энергетикага байланышкан мыйзам долбоорлору парламентте көпчүлүктү түзгөн бийликтин “Ак жол” партиясы колдоп берүүдө.

Өткөн аптада бул багыттагы өкмөттүн үч мыйзамын “Ак жол” фракцисы колдоп берди. Мыйзамдарга караманча каршы турган, аз добушка ээ парламенттеги социал-демократтардын жана коммунисттердин чакан фракциялары өздөрүнүн тынчсызданууларын билдирүүгө гана кудурети жетүүдө.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG