Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:24

И.ӨМҮРКУЛОВ: МЕНЧИКТЕШТИРҮҮНҮ ГАНА ОЙЛОГОН БИЙЛИК ЭЛДИ ЭСТЕМЕК БЕЛЕ?


Маектешкен Аманбек Дилденбай, Бишкек Энергетика --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/economics/ky/2008/04/28B83AD0-ACEC-4DB1-AC12-CCCC9C2F9E9B.asp тармагын менчиктештирүү боюнча “Азаттык” үналгысынын айрым суроолоруна Жогорку Кеңештин депутаты, Социал-демократиялык партиясынын мүчөсү Иса Өмүркулов жооп берди.

-Иса мырза, расмий бийлик энергетика тармагын менчиктештирүүдөн мамлекет пайдага тунуп, экономика өнүгүп кетерин айтып жатышпайбы. Ошол эле учурда Социал-демократиялык партиянын фракциясы буга карманча каршы болушууда. Мунун чоо-жайына токтолуп кетсеңиз.

-Энергетика тармагын толугу менен менчиктештирип, жыргап кетебиз дегенге 7-8 жыл болду. Өзүңүздөр деле билесиздер, энерготармагын реформа кылыш үчүн үч этап өткөрүштү. Ар бир этапты өткөрөрдүн алдында депутаттардын дагы башын оорутуп, коомчулуктун дагы башын тегеретип дегендей, “жыргап кетебиз, өнүгүп кетебиз” деп отуруп, бүгүнкү күндө энергетика тармагы толугу менен банкротко алып келинди. Эми саткандан бөлөк башка жол таппай калышты. Ошондуктан бүгүн энергетика тармаын сатып жиберип, жыргап кетебиз дегенге ишенүү күмөн.

-Мына ушундай банкротко алып келген жетекчилер жоопкерчиликке тартылышы керек беле, же Кыргызстандагы аткаминерлерге жоопкерчилик болбойбу?

-Бул кечээги жаңы тарыхтан бери карап келсеңиз, бир дагы чиновник жоопко тартылган жок. Мына бүгүнкү күндө энергокризиске алып келген жетекчилер мурунку бийликтин аягында дагы иштеди эле, бүгүнкү күндө деле иштеп жатат. Мисалы үчүн Токтогул ГЭСинде суунун кескин түрдө эң төмөнкү деңгээлге түшүп кетишине түздөн-түз күнөөлүүлөр көрүнүп турбайбы.

Андан тышкары бүгүнкү күндө булар энерготармактагы кризиске учураганыбызды дагы мойнуна албай жатышат. Мына ушул кийинки 10-15 жыл ичинде электрэнергияны күнүгө Кыргызстан боюнча 3 сааттан 13 саатка чейин өчүргөн биздин тарыхта боло элек эле. Бул кризистин менимче көрүнүп турганы белгилүү болуп турат.

-Азыр Каркыра, Ысыккөлдөгү төрт пансионат, дегеле жер маселеси боюнча Түптө жөө жүрүш уюштурган жатышпайбы. Буга кошул-ташыл болуп эми энергетика тармагы менчиктештирилип кетсе, элдин бүйүрү дагы кызышы мүмкүн. Дегеле ушундай жагдайды Социал-демократтар партиясы колдойбу?

-Албетте, мындай бүгүнкү абалдын бардыгы тең, элдин пикирин, коомчулуктун оюн, муктаждыгын ойлойгон эч ким жок. Бүгүн ойдун бардыгы эле энергетика системаны менчиктештирүү, кезекте “Айыл банк” турат, аны менчиктештириш керек. Мына Конституция боюнча дагы элдин пикири Жогорку Кеңеште айтылыш керек эле, андай болгон жок.

Менчиктештирүү программасы мурун Жогорку Кеңештин макулдугусуз каралчу эмес, бекилчү эмес. Эми ошону дагы өткөн жумада “Ак жол” партиясынын демилгеси менен бул мүмкүнчүлүк дагы толугу менен өкмөткө ыйгарылды. Ошондуктан өкмөт бүгүн парламенттен дагы сурабайт, элден дагы сурабайт, өз билгенин кылат. Албетте ал бүйүрдү кызытат. Ошондуктан жанагындай чегара маселеси боюнча дагы талаш-тартыштын аягына чыкпай, талаштуу жерлердин бардыгы тең коңшу мамлекетке кетип калды.

-Мына ушул бийликтин ушундай жүргүзүп жаткан саясаттын аягы эмне болуп бүтүшү мүмкүн?

-Ал жалпы мамлекеттеги туруксуздукка алып келет. Стабилдүүлүк кетет. Саясий кырдаал курчуйт жана жалпы эле мамлекетке аброй алып келбейт го. Инвестиция келет дейт, ушундай абалды көрүп туруп, энергетикадагы кризисти көрүп туруп, мен ойлойм бир дагы инвестор келбейт го.

-Кечээ премьер-министр Игорь Чудинов электрэнергиясына баа көтөрүлөрүн айтты. Дегеле бул карапайым элге кедергеси тийбеши үчүн өкмөт алдын ала кандай иш-чараларды көрүш керек эле?

-Кечээ мен угуп отуруп таң калдым, биз эмне үчүн кымбаттаттык дейт? Кымбаттатсак эл энергияны үнөмдөйт эле, дейт. Эми ушул кандай аргумент болсун? Эми чара көргөндө албетте тепловой станцияларды куруу үчүн, жер байлыгыбыз көмүрдү колдонуу жана эң негизгиси суунун балансын сактап туруш керек эле да. Же болбосо мындай аргумент келтирип атышат, мына суунун кийинки үч жылдагы куйган, чогулгандыгы азайып кеткен, ошондуктан ушундай кризиске келдик дейт. Эгерде суу аздан кирип жатса, эмне үчүн аздан чыгарбай, көптөн чыгарабыз? Ошону эми балансты сактап калса, мамлекеттик коопсуздукту дагы түптөп турган энергетика да.

Эми энергетиканы кымбаттатып, байкасаңыздар, энергетика тармак бюджетке төлөмдөрүн, карыздарын, 1 миллиард 4 миллион сомду жокко чыгарып, тарифти көбөйтүп, белгилүү бир инвесторго сатуучудай болуп турат.

-Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG