Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:54

Кыргызстандын Баткен облусунда дүйнөдө сейрек кездешүүчү ажайып гүл өсөт. Илимде “Эдуард чаар гүлү” (“Петилиум Эдуарда”) деп аталган бул гүлдү жергиликтүү калк Айгүл --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/culture/ky/2008/04/3B659B20-6C1D-4015-B352-9E51858C9F91.asp деп аташат. Айгүл азыр гүл ачып турган убагы. Гүл кызыл китепке киргени менен мамлекеттик деңгээлде корукка алынган эмес. Жергиликтүү тургундар гүлдүн саны жылдан-жылга азайып, жок болуп кетүү коркунучу туулуп жатканын айтууда.

Айгүл Баткен шаарынан 20 чакырымдай түштүк-чыгыш тараптагы, анча бийик эмес тоодо өсөт. Жергиликтүү калк бул тоону Айгүл тоо деп аташат. Айгүл дал ушул апрель айында гүл ачат. Демек азыр анын гүл ачып, көркүнө чыгып турган убагы.

Гүлдүн бою бир-бир жарым метрге чейин жетип, уругу жерге түшкөндөн кийин жети жылдан соң гана гүл ача баштайт. Кызгылтым-сары түстөгү анын коңгуроочолорунан гүлдүн канча жашта экенин билсе болот. Айгүл гүл ачкандан тарта жыл сайын ага бир коңгуроочо кошулуп отурат. Бул гүл быйыл кайра толукталып чыгарылган Кыргызстандын кызыл китебине да киргизилген.

Гүлдүн биологиялык өзгөчөлүктөрү тууралуу география илимдеринин кандидаты, Бишкек гуманитардык университетинин экология жана менеджмент факультетинин деканы Кайрат Молдошев бизге буларды айтып берди:

- Айгүл – “Эдуард чаар гүлү” Кыргызстандын түштүк-чыгыш тарабында, Баткен облусунда гана өсөт. Андан сырткары Тажикстан, Өзбекстан, Түндүк Ооганстанда жана Индиянын Кашмир аймагында көбүрөөк ориалы бар бул гүлдүн. Биологиялык өзгөчөлүгү – март айынан майдын аягына чейин гүлдөп, жыты анча айкын эмес. Өтө кооз болгондуктан жалпы ареалы азыр азайып баратат. Дүйнөдө көпчүлүк ботаникалык бактарда жетиштүү өстүрүлөт. Бирок КР ИАсынын ботаникалык багында азырынча жок. Кыргызстанда корукка алынган аймактардан тышкары жайгашкандыктан жергиликтүү калктын демилгеси менен гана корголууда. Учурда бул гүл өскөн жерге “Улуттук парк” деген макам берүү аракети жүрүүдө.

Айгүлдү мектеп окуучулары корукка алса, кызматтык күбөлүктөрүн көрсөткөн “интеллигенттер” тамырынан жулуп кетүүдө.

Айгүл кызыл китепке киргени менен аны мамлекеттик деңгээлде корукка алуу маселеси ушул күнгө дейре чечилбей келет. Өткөн кылымдын 80-жылдарынын башында гүл жоголуп кетүү коркунучу туулуп, ошол жердеги Карабулак орто мектебинин мугалимдери окуучулар менен кошо аны сактап калуу аракетин көрө баштаган. Анын натыйжасында гүл өскөн аянт бир топ көбөйгөн. Ошондон бери жыл сайын гүл ачылган маалда жергиликтүү мектеп жамааты окуучулары менен аны корукка алышып, кезек менен кайтарууга алышат. Бирок ошого карабай соңку жылдарда гүлдү үзүп кеткендер көбөйүп, анын аянты азайууда дешет жергиликтүү тургундар.

Учурда Бишкекте жашаган акын-жазуучу жана социолог Топчугүл Шайдуллаева дал ушул Айгүл тоонун жанындагы Карабулак айылынын кызы. Ал Баткенге барып, эки күн мурда гана Айгүл тоого чыгып, гүлдүн азайып баратканына кейип түшкөнүн айтат:

- Биз бала кезде Айгүл ошол тоонун түбүнө чейин өсүп, кыпкызыл болуп, тоону көрккө бөлөп тураар эле. Эл анда гүлгө азыркыдай кол салып, үзүп-жулкубайт эле. Мен кечээ эле тоого чыктым, Айгүл азыр ачылып турган учуру экен. Бирок гүл азайып, тоонун чокусунда гана калыптыр. Аны коргоо мамлекеттик деңгээлде өз талабындай колго алынган эмес. Экологдор корумуш болот экен, күзөтчүлөр бар экен, алар деле коргой албай жатыптыр. Карабулак орто мектебинин жамааты 1980-жылдары гүлдү коргоого алган учурда кудум азыркыдай гүл азайып кеткен эле. Азыр ал жердеги окуучуларынын күчү, дарамети гүлдү коргогонго жетпей калыптыр. Ал жерге баргандар окуучуларды тоотпой, күчкө салып эле үзүп кете беришет экен. Минтип отурсак бул ажайып гүлдү жакынкы жылдарда эле жоготуп алабыз.

Айгүлдү коруган окуучулардын бири Айбек Баткендеги кабарчыбыз Сабыр Абдымомуновго жөнөкөй элге караганда кайсы бир кызматтарда иштеген интеллигент болумуштар гүлгө көбүрөөк кыянатчылык кылаарын айтып берген:

- Биз күзөттө тургандан бери жалаң эле кызматтык автоунаа менен келгендер гүлдү үзүп кетип атышат. Жулбаңыздар, андай-мындай деп түшүндүрсөк кызматтык күбөлүктөрүн көрсөтүшүп, балан жерде, түкүн жерде иштейм, коноктор келип калды эле деп, гүлдү жүздөп-эки жүздөп, кучак-кучак үзүп кетип атышат. Эми жулса да тамырына тийбей акырын кесип алса макул, тамыры менен жулуп алышат, гүл ошону менен жок болот ал жерден.

Бир топтон бери чечилбей келаткан маселени - Айгүлдү мамлекеттик корукка алууну Баткен райондук кеңеши жакында бекитип берди. Баткен районунун акиминин орун басары Мамлекет Салихова эми аны жогорку органдар карашы керектигин айтат:

- Айгүлдү корукка алуу бир топтон бери жолго коюлбай келген эле. 20 жыл мурда ошол кездеги райондук аткаруу комитети тарабынан аны корукка алуу чечими кабыл алынып, бирок ал өйдө жактан колдоо таппай калган. Эми райондук кеңеш айылдык кеңештин бул боюнча сунушун бекитип, гүлдү корукка алууга өкмөт тарабынан каражат бөлүнүүсүн сурады.

Козулан баатыр менен айдай сулуу Айгүлдүн махабаты.

Айгүл боюнча эл оозунда мындай бир уламыш айтылат. Байыркы жоокерчилик заманда Козулан деген баатыр жигит менен айдай сулуу Айгүл кыздын бири-бирине көнүлү түшүп, экөөнүн ортосунда оттой жанган сүйүү пайда болгон экен. Бирок арзышкан эки жаш ана-мына үйлөнмөкчү болгондо Атажуртка капыстан жоо келип, Козулан баатыр беттешүүгө аттанат. Бирок баатыр ал кармашта курман болуп, аны уккан Айгүл кыз чокудан боюн таштайт. О кийин-кийин анан ошол сулуунун каны тамган жерлерден чоктой кызгылтым сары гүлдөр өнүп чыгып, аны эл Айгүл деп атап калган имиш... Жергиликтүү калктын оозунда айтылып жүргөн уламыштын кыскача таржымалы мына ушундай.

Бул ажайып гүл туурасында жергиликтүү акындар ыр-дастандарды жазышып, ага обончулар обон жаратып, ырдалып жүрөт. Айгүл тоодо жамы кыргызга белгилүү инсандардын да изи калган. Кара сөздүн чебери, белгилүү жазуучу, ыраматылык Мурза Гапаров да Айгүл тоого көп бараар эле. Анын “Айгүл тоо” деген ширин аңгемеси да учурунда колдон-колго өтүп окулганы белгилүү. Жазуучуну коштоп жүргөндөр Айгүл тоого келип, гүлдү көргөн сайын кайран киши чөнтөгүндөгү чакан шишедеги коньягынан “Ушул улуу сулуулук үчүн!” деп ууртап койчу дешет.



Айгүл гүлү туристтик эн белги же бренд катары пайдаланылып келет.

Жергиликтүү калк бул жерди туристтик жайга айлантуу демилгесин да көтөрүп келет. Социолог Топчугүл Шайдуллаеванын пикиринде, Айгүл тоону мамлекеттик деңгээлде корукка алып, аны көбөйтө алсак келечекте ал туристтердин кызыгуусун арттырган жайга айланмак:

-Корукка алып, гүлдү көбөйтсөк Кыргызстандагы жакшы туристтик жайлардын бирине айланмак. Себеби бул гүлгө кызыккандар өтө көп. Гүл медициналык жактан да бир топ касиеттерге ээ. Рухий жактан да дем берген, рахат тартуулаган, адамдардын духун көтөргөн чоң бир ыйык сапаттарга ээ.

Туризм демекчи, өлкөнүн Туризм боюнча мамлекеттик агенттиги акыркы бир жылдан бери айгүлдү туристтик эн белги же бренд катары пайдаланууда. Агенттиктин башчысынын орун басары Айбек Молдкадыров бирок азырынча туристтерди Айгүлдү көрсөтүү үчүн Баткенге алып бара албай жатышканын, ага тиешелүү шарттардын жоктугу себеп болуп жатканын айтат:

-Биздин агенттик Кыргызстанды туризм өлкөсү катары таанытуу максатында көп буклеттерди чыгарып жатабыз, атайын тасмаларды тартып жатабыз. Ошолордун ар биринде Айгүл бар. Агенттиктин ар бир тасмасы, ар буклети ушул Айгүлдөн башталат. Бул гүлдү биз бренд катары алып жүрөбүз. Эми Айгүлгө сырттан келген туристтердин көпчүлүгү кызыгышат. Бирок жолдун начардыгынан, ал жакта тиешелүү шарттардын жоктугунан азырынча аларды Айгүл тоого алып бара албай жатабыз.

Ошентип ажайып гүл өскөн Айгүл тоону мамлекеттик деңгээлде корукка алуу маселеси тиешелүү денгээлде чечилбей турат. А гүл өскөн аянттар болсо жылдан-жылга азайууда...
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG