Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:03

КАЗАКСТАНДАГЫ МЕДИА ФОРУМ ГЛОБАЛДЫК МАСЕЛЕЛЕРДИ КАРАЙТ


Keчээ Алматыда Евразиялык Медиафорум ачылды. Казак президентинин кызы Дарига Назарбаева уюштуруп келаткан форумдун жетинчи жолку сессиясынын алгачкы күнүндө негизинен гео-саясий маселелер каралды. Президент Назарбаев өзү чыгып сүйлөп, Батыштын Орусия менен тирешүүсү, Кансыз согуш коркунучу сыяктуу суроолор сөзгө алынды.

Эки күндүк форумду Нурсултан Назарбаев ачып, бүгүнкү күндөгү маалымат каражаттарынын ролуна кыскача токтолду.

Жыйындын уюштуруучусу Дарига Назарбаева форумдун максатын баяндады:

- Евразиялык жетинчи медиа форумдун көңүл борборунда адаттагыдай эле эл аралык турмуштун башкы окуялары жана алардын маалымат каражаттарында чагылдырылышы болот.

Назарбаева ошондой эле маалымат каражаттары жаңы кансыз согуштун чыгып кетүү коркунучу бар экендигин жазып жатышкандыгын белгиледи.

Айткандай эле, Батыштын Орусия менен алакасындагы көйгөйлөр кеңири сөзгө алынды. АКШнын мурдагы Улуттук коопсуздук кеңешчиси Збигнев Бзежинский Вашингтондун Польша менен Чехияда ракетадан коргонуу системасынын бөлчөктөрүн жайгаштыруу планына байланыштуу Орусия менен мамиленин начарлашына кайрылды. Ал Кошмо Штаттары орустар менен диалог түзүүнүн аракетинде болуп жаткандыгын баса белгиледи. Бирок орусиялык саясат таануучу Глеб Павловский Батышты Орусияны жалгызсыратуу саясаты үчүн күнөөлөп, Орусия буга каршы маалымат каражаттары аркылуу күрөшүүгө мажбур экендигин айтып өттү.

Казакстан экономикалык өсүшүнө жараша жана саясий стабилдүүлүктү камсыздай алгандыгы үчүн Борбор Азиянын лидери катары таанылып келатат, өлкөнүн эл аралык саясаттагы таасири чектелүү болгону менен, дүйнөдө өлкө белгилүү абройго да ээ. Ошондуктан президенттин кызы уюштурган форумда дүйнөлүк деңгээлдеги маселелердин козголушуна таң калып болбойт. Буга байланыштуу жергиликтүү саясий баяндамачы Досум Сатбаев Азаттулла "бул форум саясатчылар менен журналисттердин ортосундагы "көпүрөнүн" гана ролун ойношу керек" деп билдирди.

Казакстандын өзүндөгү басма сөз эркиндигинин абалы, коңшу мамлекеттердеги интернет цензурасы, журналисттердин сырдуу кырдаалдарда өлтүрүлүшү, Орусияда көз карандысыз маалымат каражаттарынын үстүнөн мамлекеттик монополиянын күчөшү өңдөнгөн маселелер форумда каралаары белгисиз.

Бирок жыйындын күн тартибинде шайлоо жана маалымат каражаттары, эки жана көп тилдүү мамлекеттердеги басма сөздүн ролу, "КМШ өлкөлөрүндө ким лидер?" деген суроонун айланасында талкуу, Кытай, интернет жана интеллектуалдык менчик укугу, «Саясаттагы көшөкөрлүк жана көшөкөрлүктүн саясаты» деген темалар бар.
XS
SM
MD
LG