Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:20

АКШ: “Сирия өзөктүк реакторду тынчтык максатта колдонбойт”


Кошмо Штаттардын расмий бийлиги өзөктүк реактор тынчтык максатты көздөбөгөнүн жана бул дүйнөлүк өнүгүү үчүн өтө опурталдуу болгонун билдирди. Вашингтондогу Сириянын элчиси Имад Мустафа Си-Эн-Эн телеканалына берген маегинде бул айтылгандарды төгүндөп, аны “АКШнын фантазиясы” деп атады. АКШ Түндүк Кореяны Сирияга жашыруун өзөктүк реактор курганга жардам берген деп айыптоодо. Ак үй мындай билдирүүнү чалгынчылардын расмий өкүлдөрү конгрессмендерге Сириянын өзөктүк шаймандары Израил тарабынан былтыр бузулгандыгы тууралуу маалымдашкандан кийин тараткан эле. Бүгүн Өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттиктин – МАГАТЭнин башчысы Мохамед ЭлБарадейи бул маалыматты кылдаттык менен иликтеп чыгаарын билдирди.

XS
SM
MD
LG