Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:29

КАМЧЫБЕКТИН КАНАТТУУ ЫРЛАРЫ


“Талант тагдыры” аттуу музыкалык түрмөктүн жаңы саны таанымал обончу хореймейстр, республикалык, Эл аралык сынактардын жеңүүчүсү Камчыбек Букалаевдин чыгармачылыгына арналды.

Камчыбек Букалаев өткөн кылымдын 80-жылынан бүгүнкү күнгө чейин обон чыгаруу майданында ат салышып келет. Ал кесиптештеринен айырмаланып чыгармачылыгын эки багытта өнүктүрүүдө. Алсак, балдар жана чоңдор үчүн ырларды жазат. Анын обондору аваздык боёкторунун, ыргактарынын ырдамдуулугу, тунуктугу, жетимдүүлүгү, көп түстүүлүгү, элдик, салттык обондордо наар алгандыгы, өзгөчө балдар ырларынын, бөбөктөрдүн, жаш жеткинчектердин тилинде жазылгандыгы менен айырмаланат.

-Камчыбек мырза, “Эр ортону элүүгө” чыккан кутман курагың кут болсун. Элүү жашыңдын отуз төрт жылын обон чыгарууга, чыгармачылыкка арнапсың. Эң алгачкы обонуңду канча жашыңда кимге, эмнеге арнап чыгардың эле?

-Рахмат. Алачкы обонум акын Абзий Кыдыровдун сөзүнө “Ачык көңүл балдарбыз” деген обонумду 16 жашымда чыгаргам. Ошол ырымды “Азаттыктын” окурмандарына арнайын.

Ачык көңүл балдарбыз,
Муңайууну билбеген,
Ачык көңүл балдарбыз,
Жөн турганды сүйбөгөн.

Кандай жумуш болбосун,
Баштайбыз ыр-бий менен,
Кандай жумуш болбосун
Баштайбыз ыр-бий менен.


- Рахмат. “Ачык көңүл балдарбыз” аттуу ырыңдын атында тунгуч обондуу ырларыңдын жыйнагын чыгарып жатыпсың. Ага канча ыр кирди? Алар кандай бөлүмдөргө бөлүнүп берилди?

-Бул алгачкы жыйнагымды бөбөктөргө, жеткинчектерге арнап чыгарайын деп чечтим. Азыркы убакта балдар ырлары абадай керек болуп жатат. Жыйнагымдын биринчи бөлүгү балдар бакчасындагы бөбөктөргө арналды. Маселен, бөлүмдүн негизин “Биздин бакча гүл бакча”, “Алиппе”, “Кош бол менин гүл бакчам” деген шекилдүү бөбөктөргө арналган ырлар түздү. Экинчи бөлүмгө “Жүрүш ыры”, “Кызыл бантик”, “Баканын ыры”, “Эне тилим - кыргыз тил” аттуу ж.б. Мектеп окуучуларына ырлар берилди.

- Эми Камчыбек мырза, Кара деңиздин боюнда өткөн фестивалда ырдалган орус композиторлору Юрий Саулский, Евгений Дога жактырган “Баканын ырын” “Азаттыктын” угармандарына тартуулап койсоң.

“Баканын ыры”.

Сөзү А. Карасартовдуку, обону К. Букалаевдики.

Зыяным жок эч кимге,
Тостогой көз бакамын.
Таш ыргытат тентектер,
Мен ошого капамын.

Кайырма: Мен ошого, мен ошого,
мен ошого, мен ошого
мен ошого капамын.



- Камчыбек жыйнагыңдын акыркы бөлүгүңө кандай темадагы ырларыңды бердиң?

-Жыйнагымдын акыркы бөлүгүнө чоңдорго арналган ырларымды бердим. Себеби эл арасында ырдалып жүргөн “Ыр десте”, “Бир өзүңдү сүйөмүн Ысыккөл”, “Атың жакшы Ысыккөл” аттуу жана Ата Журтка арналган ырларымды бердим. Себеби аларды мектеп окуучулары ырдап жүрүшөт.

- Камчыбек мырза “Ырдалып бүтпөйт махабат” дегендей ырдалып, жазылып бүтпөгөн кереметтүү бейиштин көлү аталган Ысыккөл жөнүндө эле ондогон ыр жазыпсың. Ошолордун ичинен угармандардын басса, турса да ооздорунан түшүрүшпөй ырдап жүргөндөрү барбы? Болсо аларды кимдер ырдашат?

-Өзүңүз айткандай ондогон ырларды Ысыккөл темасында жаздым. “Кереметтүү көл кенчи” деген ырымды дүйнөгө белгилүү ырчы СССРдин Эл артисти Болот Миңжылкыев, “Ысыккөлгө суктануу” деген ырымды Эл артисти Гүлнара Чоткараева, Эл артисти Анарбек Ибраев “Түнкү кайыкты”. “Атың жакшы Ысыккөл” деген ырымды көп аткаруучулар ырдашты.

“Ысыккөл суктануу”

Сөзү Нарынбек Сыдыковдуку.

Ысыккөлдү таң сүргөндө карасаң,
Уйкусунан жаңы ойгонуп жаткандай,
Жаратылыш сулуулугуң өзүнө
Камарабай бүгүн ээлеп алгандай.

Ысыккөлдү түш мезгилде карасаң,
Сулуу кызга алтын сөйкө таккандай,
Көл бетине күн нурлары чачырап,
Күмүштөрүн туш тарапка чачкансыйт.


- Камчыбек мырза, дагы бир Ысыккөл жөнүндөгү ырыңдын жаратылыш тарыхын баяндай отуруп, угармандарга тартуулап койсоң?

- “Кереметтүү көл кенчи” деген ырымды көп ырчылар, коллективдер ырдашты. Эстрада ырчыларынан Жылдыз Осмоналиева, 1991-жылы өзүм иштеген “Аккуу” ыр-бий ансамбли менен Москвага гастролго баратканда жазгам. Бул ырымдын тагдыры жакшы болду. СССРдин Эл артисти Болот Миңжылкыев агайдын ырдап чыкканына аябай кубанычтуумун. Бул ыр айтылуу маэстро Асанкан Жумакматовго да аябай жагып калып, өзү оркестрге салып ырдаткан эле.

“Кереметтүү көл кенчи”

Сөзү Т. Кожомбердиевдики.

Толкундар шар атып,
Тоодой күч жаратып,
Буурадай буркулдайт,
Кебездей булуттар,
Аткандай таң атып,
Кубаныч жаратып.


Кайырма: Колду суналбай,
Көздү буралбай,
Коштошуп баратып,
Селкинин ырына, ырына.


Жылтылдайт толкундар,
Жылдыздай жагылып,
Кайкышат чардактар,
Канаттары кагылып,
Кызгылт нур агылып.



Кайырма: Колду суналбай,
Көздү буралбай,
Коштошуп баратып,
Селкинин ырына, ырына.

-Рахмат Камчыбек мырза, дагы бир жолу кутман курак кут болсун. Чыгармачылык албан-албан ийгиликтерди, бекем ден соолукту каалайм.
XS
SM
MD
LG