Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:42

12:58 Түптө жөө жүрүш башталды


Жөө жүрүш башталганын “Улуу биримдик” партиясынын төрагасы Эмилбек Каптагаев расмий түрдө жарыялады. Түптөгү жанагындай ызы-чуудан соң жөө жүрүшкө баргандан Түп айылынан Балыкчыны көздөй жол тартышты. Алардын саны болжол менен эки жүз чакты. Алардын катарында СДП фракциясынын депутаттары Роза Отунбаева менен Иса Өмүркулов да бар экенин аймактагы кабарчыбыз Рита Нурмамбет кызы билдирди. Жүрүшкө чыккандар Сарыбулак айыл өкмөтүнүн аймагына келгенде алардын катары “Акыйкат үчүн” деген желектерди көтөргөн бир топ адам кошулушкан.(SM)

XS
SM
MD
LG