Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:20

СИРИЯ: БУУдан ЖАШЫРА ТУРГАН ЭЧ НЕРСЕБИЗ ЖОК


Кошмо Штаттары "Сирияны Түндүк Корея менен биригип, Сирияда өзөктүк реактор курмак" деп айыптоодо. Ушуга байланыштуу Сирия --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/04/C305AB3D-861F-4702-92F8-866E79476167.ASP Бириккен Улуттар уюмунун иликтөөсүнөн коркпой тургандыгын билдирди.

Сириянын БУУдагы элчиси Башар Жафари АКШнын айыптоосун четке кагып, мындай айыптоолорду "былтыр сентябрда Сириянын заводун Израилдин бомбалашын актоонун айла-амалы" деп мүнөздөдү. Элчи Сирия БУУнун атомдук агенттиги МАГАТЭ менен жакындан кызматташып жаткандыгын, Сириянын жашыра турган эч нерсеси жок экендигин кошумчалады.

Ал эми Сириянын Вашингтондогу элчиси Имад Мустафа Иракка шилтеме берип, Кошмо Штаттары башка өлкөлөрдүн ядролук иш-аракеттери тууралуу фактыларды бурмалаганга маш экендигин мындайча белгиледи:

-24-апрелде Конгресске Сириядагы өзөктүк ишкананын компьютер аркылуу жасалган үч дименсионалдуу үлгүсү көрсөтүлдү. Бул үлгү мында Вашингтондо же Тел-Авивде жасалганында шек жок... Бирок мындай нерсе буга чейин да болгонун унутпасак.

Мустафа Сириянын чыгышындагы чөлдө турган ишкана эмне максатта курулганын түшүндүргөн жок. Бирок анын катуу кайтарууга алынбаганын анын коркунучтуу ишке аралашпагандыгынын далили деп көрсөттү.

- Ушуга деги ким ишенет? Стратегиялык ишкана экени чын болсо, айланасында жок дегенде бир аскердик көзөмөл бекети турбайт беле, темир тор менен курчалбайт беле, учак атып түшүрүүчү ракеталар болбойт беле. Какыраган чөлдүн ортосунда, электр кубаты жок, бул деги кандай стратегиялык ишкана болушу мүмкүн?

Вашингтондун кинесине карата Түндүк Корея билдирүү жасай элек, бирок Пхеньян буга чейин Сирияга ядролук технология берген деген айыптоолорду четке кагып келген. МАГАТЭнин жетекчилиги бул айыптоолор боюнча иликтөө жүргүзө тургандыгын билдирүүдө.

Сүрөт americaru.com интернет баракчасынан алынды.

XS
SM
MD
LG