Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:39

“АПТА ЖАҢЫРЫГЫ”: ОКУЯЛАР ТАРЖЫМАЛЫ


Өтүп бараткан жума кыргыз-орус мамилесине байланыштуу эки чырдуу окуя менен башталды. Ал эми Ысыккөлдө жөө жүрүшкө чыгууга аракеттенгендер ар кандай чагымдарга --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/04/535058FD-86DE-400A-9572-9CFF2F589FE8.asp кабылышты. Жогорку Кеңеш энергетика тармагын парламентсиз менчиктештирүүгө жол ачкан мыйзамды кабыл алды.

Жума стратегиялык өнөктөш катары сыпатталып келаткан Кыргызстан менен Россиянын мамилесине байланыштуу эки чырдуу окуя менен башталды.

19-апрелден 20-апрелге караган түнү мас абалында, жол эрежесин бузган Кыргызстандын Кант шаарындагы Россиянын аскердик базасынын кызматкери Максим Зотов кармалды.

Кармоо учурунда каршылык көрсөткөнүнө байланыштуу МАИ кызматкерлери ага курал колдонуп, жарадар кылышты. Бул окуя Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин терс реакциясын жаратып, алар “Россиялык аскердик кызматкерге кол салуу болду” деп жарыялашты. Кыргызстандын Ички иштер министрлиги алдын ала иликтөөлөр Зотовго каршы көрүлгөн чаралар мыйзам чегинде жана негиздүү болгонун билдирип чыгышты. Бирок ага карабай Россия тарап иликтөөлөрдү биргелешип жүргүзүү талабын коюшууда.

Бул аптада ошондой эле 1916-жылдагы улуттук көтөрүлүштүн курмандыктарын эскерүү боюнча Жогорку Кеңештин токтомуна Россиянын Тышкы иштер министрлиги терс пикирин билдирип, ал эки өлкөнүн мамилесине доо кетирерин ачыктады. Жогорку Кеңеш Россиянын Тышкы иштер министрлигинин позициясы таңданууну жаратып жатканын билдирүү менен стратегиялык өнөктөш өлкөнүн парламенти болгон - Мамлекеттик Думага кайрылуу кабыл алды.



Мына ушул эки окуя Кыргызстан менен Россиянын мамилесин кандай таасир этиши ыктымал? Бул суроого белгилүү саясат таануучу Орозбек Молдалиев мындай ой жоруму менен жооп берди:

-Ушул эки окуянын түбү бир жерде жатат. Аскерий базасынын аскери жарадар болгондугуна байланыштуу Россиянын Бишкектеги элчилигинин басма сөз кызматынын өкүлү билдирүү таратып жиберип жатпайбы, окуянын орто жеринен алып туруп эле, алар кетип баратса кубалап барып тосуп, жерге жаткырып алып атып деп, текшерилбеген маалыматтарды билдирип жиберип, аягында өзүнүн жыйынтыгын чыгарып жатат. Бул дипломатиялык практикага туура келбей турган көрүнүш.

Экинчиден, 1916-жылдагы окуя боюнча Россиянын ТИМинин билдирүүсүн силер туура эмес окуп алыпсыңар деп кайра кыргыз тарапты күнөөлөп жатпайбы Россиянын элчилиги. Ушул жерден, эки фактыдан Россиянын Тышкы иштер министрлигинин Кыргызстанга мамилеси көрүнүп турат. Акыл айтып, мындай кылбайсыңарбы дегендей текебер мамиле да. Теңата мамлекетке жасабагандай мамиле жасап жатпайбы. Ошон үчүн бул жыйынтык чыгара турган маселе.

Бул жерден чатак чыгарбай, эки тарап тең талдоого алыш керек. Кыргыз тарап айтыш керек, биз деген эгемендүү мамлекетпиз. Экинчиден, силерге өтө жакын мамлекетпиз. Стратегиялык өнөктөш деп эсептелип жүрөт. Конституцияда орус тили расмий тил деп жазылып жатат. Дагы эмне кылышыбыз керек деген маселеге келиш керек. Мына өтө эле ийилгендин пайдасы ушундай болот
.

Орозбек Молдалиев Жогорку Кеңештин Россиянын Мамлекеттик Думасына кайрылууну колдоого алаарын билдирди. Ал эми Мамлекеттик Думага кабыл алынган билдирүүдө Россиянын Тышкы иштер министрлигинин позициясына түшүнбөстүк билдирилген. Аны төрага Адахан Мадумаров мындайча баяндаган эле:

-Жалпысынан биз кайрылууга минтип жаздык, Россиянын Тышкы иштер министрлигинин Кыргызстанга карата позициясы таңданууну жаратат. Мына ушул жетиштүү деп ойлоймун. Бул биздин саясий позициябыз.

Ошентип, эки стратегиялык өнөктөш мамлекеттердин мамилеси жыл башында Россияда улутчулдардын кыргыз эмгек мигранттарын өлтүрүүсү менен Бишкекте нааразычылыкты пайда кылса, эми Кыргызстандагы айрым окуя жана чечимдерге расмий Москва өзүнүн нааразылыгын билдирүүдө. Бул окуяларга азырынча чекит коюла элек.



Парламент энергетика тармагын менчиктештирүүгө таасир этүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылды

Бул аптада Жогорку Кеңеш өкмөт тарабынан сунушталган 2025-жылга чейин эсептелген энергетикалык программаны кабыл алды. Ал программада 2025-жылга чейин электр энергиясын өндүрүүнүн көлөмүн 35 миллиард килловат саатка жеткирүү жана Токтогул каскадындагы ГЭСтер, жогорку чыңалууда электр линияларынан башка энергетикалык ишканаларды толук менчиктештирүү каралган.

Программаны талкуу учурунда парламенттеги социал-демократиялык жана коммунисттик фракциялар залдан чыгып кетишти. Алар көпчүлүктү түзгөн “Ак жол” фракциясы тарабынан программаны кеңири талкууга мүмкүнчүлүк берилбегенине нааразы болушту. Ушул эле күнү Жогорку Кеңеш энергетикага байланыштуу бир катар мыйзамдарга өзгөртүү жана кошумчаларды киргизди. Алар боюнча парламент энергетика тармагын менчиктештирүүгө таасир этүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылды.

Жалпысынан бул мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөр менен энергетика тармагын менчиктештирүүгө жол ачылды дейт Жогорку Кеңештеги коммунисттик фракциянын лидери Исхак Масалиев:

-Бүгүнкү күндө эмне десек да энергетика тармагын менчиктештирүүгө жол ачылды. Буга чейин так тыюу салынган болчу. Азыр эми инвестиция деген сөз менен жеке менчик капиталга берүүгө жол ачылып жатат.

Чечимди кабыл алган “Ак жол” фракциясынын депутаттары болсо, кимдир бирөө жоопкерчиликти алууга тийиш деген жүйөөнү бетке кармашты.

“Соттор эл тарабынан шайланса, ошондо эч кимден көз каранды болбойт”

25-апрелде өкмөт үйүндө Кыргызстан сотторунун курултайы болуп, ага президент баш болгон мамлекет жетекчилери катышты. Курултайда президент жаңы Конституциянын кабыл алынышы менен сот системасынын өркүндөшү үчүн шарт түзүлгөнүн белгиледи. Мисал катары, сот адилеттүүлүгү боюнча Улуттук кеңештин түзүлүшү жана соттордун кеңеши түзүлүп, ал соттордун өзүн-өзү башкаруу жана бюджетин коргоо милдетин аткаруусу аталды. Мына ушул чечимдер жана судьялардын жашы карылыкка жеткенге чейин дайындалыш мүмкүнчүлүгү сот системасынын көз карандысыздыгын камсыздоо боюнча жасалып жаткан маанилүү иштер катары бааланды.



Соттордун көз карандысыздыгын камсыздоо маселеси боюнча Жогорку Соттун мурунку төрагасы Курманбек Осмоновго бир катар суроолор менен кайрылган элек. Алгачкы суроо курултайда белгиленгендер сот системасынын көз карандысыздыгын камсыздоого жетиштүүбү деген суроо болду эле. Анын жообу мындай болду:

Осмонов: -Өзүн-өзү башкаруу органдары сыяктуу кеңештерди түзүү боюнча мыйзам кабыл алынып, Конституцияга жазылып калган. Бирок ал деле соттордун, судьялардын толук көз карандысыздыгын камсыз кыла албайт. Анткени сотторду ким дайындаса, же шайласа сот ошондон көз каранды болуп келген жана боло берет. Сотторду такыр көз карандысыз кылабыз дей турган болсок, сотторду шайлоо жолу менен кызматка коюш керек. Эл тарабынан шайланса, мына ошондо эч кимден көз каранды болбойт.

”Азаттык”: -Жогорку соттун судьялары, жергиликтүү соттордун баары эл тарабынан шайланыш керекпи? Ал кандай ишке ашырылат?

К.Осмонов: -Бардыгы эл тарабынан шайланганы дурус. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын деле эл шайлап жатат. Эгерде сотторду дагы ошондой нагыз көз карандысыз кылып койсо, анда бир дагы мамлекеттик бутактын жетегинде калбай, калыс иштешине шарт түзүлөт эле.

”Азаттык”: -Мындай тажрыйба кайсы мамлекеттерде бар жана ал канчалык ийгиликтүү ишке ашып жатат?

К.Осмонов: -Бул эми ар кайсы мамлекеттерде ар кандай. Бирок совет учурунда деле формалдуу түрдө болсо да сотторду шайлачу. Ал элдик сот деп айтылчу эмес беле. Бирок ал кезде деле советтик жана партиялык органдар кимди көргөзсө ошону шайлап коюшчу. Бирок демократиялык нукта өнүгүп жаткан учурда сотторду чыныгы эл шайлай турган кылышыбыз керек.

”Азаттык”: -Жаңы жободо жаш мөөнөтү карылыка жеткенге чейин судьялык милдетин аткарат деп дурус нерсе киргизилген. Бирок судьялардын жүрүм-туруму кынтыксыз болуш керек деген себеп менен иштен алуу, судьялардын баарын барымтага ала турган жобо эмеспи?

К.Осмонов: -Ал ошондой барымтага ала тургандай эле жобо. Анда жүрүм-туруму жакшы болгонго чейин судья болот деп айтылган. А эмнени кынтыксыз десе болот? Мисалы, бийлик адамдарына каяша айтып койсоң, же өз көз карашыңды массалык маалымат каражатына ачык айтып койсоң жүрүм-туруму кынтыксыз эмес деп күнөө коюп коюушу мүмкүн. Мага ошондой күнөө коюшпадыбы. Эми бул туура эмес. Абдан өнүккөн, цивилизациялуу мамлекеттерде ошондой жоболор бар. Алар судьяларга журүм-туруму кынтыксыз болуш керек деген эрежени киргизишкен.



Ошентип өкмөт үйүндө соттордун курултайы болуп жаткан убакта курулуш жана архитектура боюнча мамлекеттик агенттиктин мурунку башчысы Ишенбай Кадырбеков финансы полициясы тарабынан камакка алынды. Кадырбеков жана оппозициялык саясатчылар муну саясий куугунтук катары баалашууда. Жакында эле кызматтан алынган Кадырбеков акыркы мезгилде оппозициялык курултайга катышып, бийликти сынга ала баштаган эле.

Финансы полициясы өз кезегинде Кадырбеков кызмат абалынан кыянат менен пайдалангандыгы үчүн камакка алынганын, бирок анын баш коргоо чарасын өзгөртүү сунушу сотко жолдоноорун кабарлады.

Жөө жүрүштүн катышуучулары ур-токмокко алынды

Жаңы бир оппозиционер ушинтип камакка алынган күндүн эртеси, 26-апрелде “Асаба”, “Ата мекен”, “Ар намыс” партиялары Каркыра, төрт пансионаттын Казакстанга берилишине каршы Ысыккөлдө жөө жүрүш акциясын уюштурууга аракет жасашты. Бирок аларды жергиликтүү калктын айрым өкүлдөрү ур-токмокко алышты.

“Атуулдук коом коррупцияга каршы” өкмөттүк эмес уюмунун лидери Төлөкан Исмаилова окуя тууралуу Ысыккөлдөн буларды билдирди:

Акцияга чыгуу максатында келгендерди эл сабап, кадимки эле бандиттерге окшоп жатышат. Милиция элдин баарын атайын даярдап коюптур. Жумурткалар менен уруп, Түптөн сүрүп чыгып баратат. Ички иштер министринин орун басары Темиркан Субанов өзү ушул жерде жүрөт. Машинасын катып коюп карап отурат. Акимдер, акимдин орун басарлары аскердик кийимдерди кийип алышып, элди тукуруп таяктар менен балдарды кууп, сүрүп баратат. Бул деген Кыргызстан үчүн абдан өкүнүчтүү. Анткени элдин конституциялык эркин жүрүү укугу бузулуп жатат.

Мына ушундай каршылыктарга карабай жөө жүрүш башталып, ага 200 тегерегинде киши катышты. Бирок акциянын катышуучуларын Сарыбулак айылында жүрүшкө каршы болгон адамдар күтүп турат дегендиктен, оппозиция лидерлери эки тараптын кагылышуусуна жол бербеш үчүн жүрүштү токтотушту.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG