Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:20

ИЛИМ КАРЫПБЕКОВ: “ТЕЛЕ ЖАНА РАДИОБЕРҮҮ ЖӨНҮНДӨ МЫЙЗАМДЫН КЕМЧИЛИГИ КӨП”


“Азаттыктын” түз ободогу маектеши Медиаөкүл институтунун башкы директору Илим Карыпбеков болду.

- Өткөн аптанын этегинде парламентте “Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу” жөнүндөгү мыйзам кабыл алынды. Медиаөкүлчүлүк бул мыйзамга канааттанбай президенттен кайра кайтарууну талап кылган уюмдардын бири болуп жатат. Аталган мыйзамдагы өксүктөр башкача айтканда өзүңөр белгилегендей демократияга төп келбеген өңүттөр кайсылар болуп жатат. Эмнесине каршы болуп жатасыздар?

- Бул жагында демократияга төп келишкен эмес. Биздин оюбузча азыркы талаптарга жооп бербеген бул мыйзамда көп-көп чоң кемчиликтер бар. Албетте, бул жерде ошол “Теле жана радио берүү жөнүндөгү” мыйзамга коомдук теле берүү боюнча мурунку кабыл алган мыйзамды жокко чыгаруу нормасын киргизип, аны талкуулабастан 2006-жылы Улуттук телерадиокорпорация жөнүндө мыйзамды жокко чыгаруусу. Муну ойлойбуз бул бир кемчилиги деп. Экинчи кемчилиги болсо, телерадиоберүүлөрдүн 50 % дан ашыгы өзүнүн продукциясы болуш керек деген. Себеби, азыркы учурда аны 90 % ашык жалпы маалымдоо каражаттары ошол барьерди мыйзамдын негизинде ишке ашыра албайт. Ошол себептен биз президентке кайрылуу даярдап жатабыз. Ал кайрылууда ушул жана башка кемчиликтер көрсөтүлүп, кайра парламентке кайтарып келип, парламентке талкуу жүргүзүлсүн деген сунуш бар. Себеп дегенде парламентте биздин оюбуз боюнча бул мыйзам өтө шашылыш түрдө кабыл алынып калган. Шашылыш түрдө биз процедуралык жагын айтып жатабыз. Негизи бул мыйзам кабыл алынышы керек болчу. Буга биз даярданып жатканбыз. Бирок мындай тез аранын ичинде өтүп кетпестен, талкууга берилиш керек болчу.

- Илим, айтсаңыз ушул парламентте журналистиканы, телерадиону түшүнбөгөн адамдар кабыл алды дейли десек, төрага баш болгон ал жерде журналисттер отурушат. Өзүңүз айткандай эмне үчүн чукул кабыл алынды жана эмне үчүн ушундай мыйзам кабыл алынып калды?

- Эми бул маселе биринчи кезекте 29-апрелге парламенттик угуу даярдалган болчу. Бирок буга чейин дагы бизде спикерибиз ошол парламенттик угууга өзүнүн терс мамилесин айтып келген жана башынын эле негизинен буга каршы болчу. Бирок ошого карабастан 24-апрелде парламенттик угуу болуп, биз даярданып жаткан учурда өзүңүздөр билесиздер энергетика боюнча мыйзам кабыл алынып ошол парламенттик угууга жарандык уюмдун өкүлдөрү да катышты эле. Аягы болсо жалпы эле таанымал бул каршылык акциясы менен тез тарапта бүтүп калды эле. Биз ойлойбуз ушул дагы таасир этти болуш керек бат кабыл алынып кетишине. Ал эми дегеле мындай мыйзамдын кабыл алынышына биз даяр болчубуз деген себебим, биз Маданият жана маалымат министрлиги менен бирге так ушундай эле мыйзам долбоорун иштеп чыкканбыз. Биз ойлогонбуз ушунун да талаптарын эске алышат болсо керек деп. Бирок тилекке каршы эске алынган жок.

- Эми президент сиздердин үнүңүздөрдү угушат деп ишенесиздерди?

- Буга чейин бир канча кээ бир мыйзамдар чынында эле президент аркылуу кайтарылып келген. Азыркы учурда да көрүп жатабыз көп мыйзамдар президент аркылуу өзүнүн каршылык пикири менен талкууга алынып жатат. Биз да үмүттөнгөнбүз ошол каршылык пикир менен кайра келет деген.

- Маегиңизге рахмат.
XS
SM
MD
LG