Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:02

ЖОК БОЛОР ЭЛДИН ЖОЛОЮ...


Бүгүн басылып чыккан “Де-факто” --> http://defacto.kg/ “Лондон биржасында кыргыз алтын кендерин чыркыратып сатышууда”, “Ак жолдун” ат кошчусу же кыргыздардын түбүнө “киргиздер” жетет”, “Түптөгү ОБОНчулар жана акимдин жумуткалары” деген, “Агым” --> http://www.presskg.com/agym/index.htm “Свет өчтү оюну же С.Балкыбеков кыргызга шамчырак жактырабы?” деген, “Кыргыз туусу” “Доор өттү, майрам калды” деген, “Аалам” --> http://www.presskg.com/aal/index.htm “Кыдыкбектин “алгыр катындары” көлдү жумуртка менен коргойт”, “Өмүрбек Текебаевдин кытайдан “түгөйү” табылдыбы?”, “Ишенбай Кадырбеков кылмышкерби же саясый туткунбу?” деген баштемалар менен жаңы сандарын ачты.



“Агым” гезити “Жапайы элге тарых сабак болбойт” деген чакан кабарында жер маселесине кайрылып, “Учурунда Үзөңгүкууш Кытайга кеткенде азыркы ЖК төрагасы А.Мадумаров баштаган топ Атбашыга эл менен жолугушууга барса, атбашылыктар “Үзөңгүкууш биздин жерибиз, берсек-койсок өзүбүз билебиз” деп, баргандарды итче талап кууп чыгышканын, эми так эле ошондой көрүнүш Түптө кайталанып, “Каркыра деген жер түшүнө кирбегендер келип алышып, бизге үйрөткүлөрү бар, жерди бериш-коюшту түптүктөр өзүбүз билебиз” дешкенин белгилеп, “атбашылыктар, түптүктөр, оштуктар, баткендиктер, чүйлүктөр- ар ким өз каалаганындай жерди бере берсе, кыргыздын күнү бүткөнү ошол, сырттан душман издеп эмне кылабыз, эл катары жок болор калк ушинтип калабы? Тарыхтын фарс түрүндө кайталанганы ушул” деп жазды.

Ушул гезиттин дагы бир тепкедей кабарында, Кыргызстан Казакстан менен чегарасын тактап бүтсүн деп колдорун ушалап күтүп аткан өзбектер накта кызыкты эми көрсөтөт өңдөнүп калганын, Өзбекстан менен Тажикстан жең ичинен сүйлөшүп алышып, эми Кыргызстандын түштүк аймактарына бир тараптуу доо кое турган болушканын, маалымат булагынын билдиргенине караганда азыркы Каркыра деп каркылдаганыбыз биякта эле каларын, накта жер талаш эми башталарын маалымдады.
х х х

“Президент да, премьер министр да акыркы кездери “Мамлекет деген эң начар кожоюн” дегендин аркасы менен башкаралбай тургандыктарын моюнга алышып, менчиктештирүүдөн өткөн мыкты жол жок экенин айтып келишет. Бирок он жылдан ашык убакыттан бери менчикке өткөн ишканалардан ийгиликтүү иштеп келаткан бирөө барбы? Жок!” деп жазган гезит “Кыргызстанды Бирштейндин карааны аралай баштадыбы?” деген макаласында мына ушул маселенин төркүн-төсү жөнүндө сөз кылды.

“Жакында эле, - деп жазды гезит, -алтын кенин иштетебиз деп келген инвестордон айтканы эки болбогон бир чиновник 2 млн. доллар шапке доолаган экен, тиги оозу жабылбаган бойдон Кыргызстан чыгып кетиптир дешкенин белгилеп, ошол эле учурда согуш болуп келаткан Ооганстанга инвестиция деген оонап кирип атканын, биздей эле төңкөрүштү башынан кечирген Украина менен Грузияга да инвестиция байма-бай кирип турганын, ал эми кыргыздын аткаминерлери өздөрүнүн иштей албастыгын ар кандай жасалма шылтоолор менен жаап-жашырып, эми Кудай Кыргызстанга бекер берген сууну да жөндөп пайдалана албай жатканын кеп кылды.



“Ак жол” деп ураалаган ОБОНчулар жана акимдин жумурткалары” деген аталыштагы макаласында “Де-факто” гезити оппозиция бул жолу эч кандай даярдыгы жок барып, ажылдаган алты аялга туруштук бер албаганын, Түп эли жадагалса мындай жөө жүрүш болорун угушпаганын, арыда карап турган бир жигит “Жумуртка бизде азыр алтынга тете, бирден чогултуп өткөрүп тыйын кылабыз, жумуртканы ушинтип кор кылбай эле коюшса болмок” деп нааразыланганын баяндады.
х х х

“Кыргыз бийлиги 2005-2006-жылдары лицензия берген алтын кендери Лондон биржасында листингде сатылууда” деп билдирди Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясынын төрагасы Базарбай Мамбетов ушундай аталыш менен “Де-факто” гезитине берген интервьюсунда. Анын айтуусунда мурдагы президент Акаев саткан алтын кендеринен да акыркы үч жылдын ичинде сатылган же өзгөчө революциядан кийин сатылган алтын кендеринин саны көбөйүп кеткен.

Ошонун бири Таластагы “Андаш” кени, тагыраак айтканда “бизде даяр кен бар, долбоору мынакей, кана ким казат?” деп, “Андаш” кенинин 1-зонасындагы алтындын бир бөлүгүн кайсы бир компанияга 60 миллион долларга сатышканын, алар 60 миллионду берип туруп, “эми ошол кенге сени менен өнөктөш болом, алтындын баланчасы меники болот” деп келишим түзүшкөнүн, Лондон биржасынан листинг боюнча сатып алган 60 миллион доллар долбоордун баасы 5-6 жылдан кийин 130-150 миллион доллар болорун, бирок тилекке каршы ошол алтындын 1 граммы да Кыргызстандын бешенесине тийбестигин айтып берген.

Бул көлөмдүү интервьюда кыргыз кыймылсыз уктап жатса анын жер алдындагы байлыгы болгон алтын кендеринин Лондон биржасында ким дегендерге, кантип сатылып жатканы жөнүндө кенен кеп козголот..



“Кыргыз туусу” гезити “КР президенти К.Бакиевге, ЖК төрагасы А.Мадумаровго, КР өкмөт башчысы И.Чудиновго Ысыккөл облусундагы Түп районунун коомчулугунун кайрылуусу” деген аталыштагы катты жарыялады. Кайрылууга 150дөн ашуун адам кол койгонун, алар “Ата Мекен”, “Асаба”, “Калыстык үчүн” деген саясый партиялардын жөө жүрүш жасоого аракетин айыптаарын, ошон үчүн жөн турган элдин тынчын алгандыгы үчүн аларга мыйзам чегинде чара көрүү маселесин бийликтен өтүнөрүн, бул кайрылуу ушул жылдын 23-апрелинде Түп райкеңешинин 9-сессиясында кабыл алынганын кабарлады.

Аталган гезит “Кадырбеков камалды” деген да макала басты. Кадырбековдун камалганын, ага карата макалалардын, ой-пикирлердин топтомун “Де-факто” менен “Аалам” гезиттери да жарыялады.
х х х

“Аалам” гезити аркылуу берген интервьюсунда Ө.Текебаев “Бүгүнкү кылыгын бийлик унутпашы керектигин, бийликтин бүгүнкү мас аялдарын, балдарын, ыплас жолун, жумуртка, алма, таш менен сокмойун көргөн эл муну эртең алардын өзүлөрүнө да жасарын” айтса, президенттин кеңешчиси, экс-депутат Садыр Жапаров, Түптөгү мас аялдарга эч каендай тиешеси жоктугун, алар кимдер экендигин да билбестигин, Каркыра боюнча кыргыз тарап 200 пайыз утушка ээ болгонун, анын казактарга кетишине макул экенин айтып жооп берген.
х х х

Ушул эле гезит “Бийлик-оппозиция = 1:0” деген макаласында тарыхка кайрылып, илгери Кытай менен Орусия карамагындагы казак чегарасын тактап, жер бөлүштүрүүдө казактын “адбан” деп аталган уруусунун жарым-жартылайы Кытай чегарасына бөлүнүп, ошол урууну кайра Кыргызстанга кошуу үчүн Каркырадагы кыргыздын “бугу” уруусу жайгашкан жеринин бир топ чакырымын казактарга бөлүп берүү жөнүндө келишимге кол коюлганына, бирок ал деле таккесе чегара бүтүмү болбогонуна, ал жер байыртан эле кыргыздын энчисиндеги жер экенине, кыргыз бийлиги акыркы мезгилдерде ата мурасы, келечек муундун энчиси болгон жерлерди коңшу өлкөлөргө четинен кертип сатып жатканына корстон болуп олтурганына, эртең эле бул боюнча жооп бере турган күн да келерин ойлоп коюшпаганына окурмандардын көңүлүн бурду.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG