Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:26

ТҮРКИЯ ИЗРАИЛ МЕНЕН СИРИЯ ОРТОСУНДА ДАНАКЕРЛИК КЫЛУУДА


Түркия стратегиялык өнөктөшү Израил менен тыгыз кошунасы Сириянын ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрдү кайрадан баштоо максатында жаңы бир дипломатиялык демилге көтөрдү. Жаңжалдашкан тараптар менен татынакай мамиледе болуп келген Анкаранын бул демилгеси аймакта жаңыча үмүттөнүүлөрдү пайда кылган менен, тарыхтын түпкүрүнөн бери карай уланып келаткан касташуулар демилгенин келечеги тууралуу так пикир айтуудан айбыктырат.

Ички саясатта кыйла кыйчалыш абалга туш келип, партиясынын ишмердүүлүгү конституциялык сот тарабынан тергелип жаткан Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Ердоган көңүлүн кайрадан партиясынын бийликке келишинде ири роль ойногон тышкы саясатка бура баштады. Ердоган бул жаңы саясатынын чегинде Израил менен Сирияны жараштыруу максатын күткөн бир демилге көтөрдү. Жуманын акырында Ердоган кошуна Сириянын борбор калаасы Дамаскка барып Сириянын президенти Башир Ал Асад жана премьер-министр Нажи Ал Итры менен көрүштү. Негизги тема Израил менен 2000-жылда үзүлүп калган тынчтык сүйлөшүүлөрүн кайра баштоо маселеси эле.

Ердоган жакын аралыкта Израилдин премьер-министри Ехуд Олмерттин “эгерде Сирия тынчтык келишимине макул болсо Израил 1967- жылдагы согушта аннексиялап алган Голан бийиктиктерин Сирияга кайтарып берүүгө даяр” деген тил катын президент Башир Асадка тапшырган болуучу. Түркиянын тышкы иштер министри Али Бабажан дүйшөмбү күнү Анкарада кабарчылардын алдында чыгып сүйлөп, Анкаранын максаты араздашкан эки тарапты, үзүлүп калган сүйлөшүүлөрүн кайра баштоого көндүрүү экенин билдирди.

“Эки-ара сүйлөшүүлөр дагы бир топко Түркиянын данакерлигинде улана берет. Маселе сал бышып жеткенде эки тарап бири бири менен тикелей сүйлөшүүлөргө баштоосу күтүлөт”- деп билдирген Бабажан мырза тынчтыкка жетиш үчүн али алдыда алыс жол турганын жана алдын ала бирдеме айтыш кыйын экенин эскертти.

Кийинки алынган кабарларга ылайык, өкүмөт башчысы Ердоган ушул күндөрдө өзүнүн атайын бир өкүлүн Ерузалимге жиберип, Дамасктагы сүйлөшүүлөрү тууралуу Израилдин премьер Олмертке маалымат берүүсү күтүлөт.

Белгилүү болгондой, Сирия менен Израилдин ортосундо адегенде ортомчулук кылуу демилгесин АКШ көтөргөн эле. Бирок Буш администрациясынын Сирия менен сүйлөшүүнү четке кагуусу себептүү эки ортодо дипломатиялык бир вакуум пайда болуп, сүйлөшүүлөр токтолуп калды. Израил менен болгон өңдүү Сирия менен да татынакай мамиледе болгон саналуу мусулман өлкөлөрдүн биринин өкмөт башчысы катары Ердоган серепчилердин пикиринде, арабдык-израилдик жаңжалдын эң чийеленген түйүнүн чечип, Ирандын аймактагы жакын өнөгү Сиирияны нейтралдаштыруу менен эле чектелбестен, регионалдык тынчтык орнотуучу күч катары өлкөсүнүн эларалык аренадагы абройун көтөрүүнү көздөйт. Бирок оппозициядагы ЖКП-нын төрагасынын орунбасары экс-дипломат Онур Өймендин пикиринде бул жумуш анча оңой жумуш эмес.

“Биз албетте Палестин-Израил жаңжалынын чечилишине алып барчу ар кандай демилгени колдойбуз. Бирок арачылык делинген нерсе оңой эмес. Ага кулак салган эки тарап жана анын сунуш киргизүү укугуна ээ болушу талап кылынат. Түркиянын андайча бир ыйгарымы барбы же жокпу бизге маалым эмес. Ошондуктан мындайча демилгелердин натыйжасы тууралуу этиятуулукту колдон чыгарбаш керек”.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG