Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:08

10:45 Жогорку Кеңеште азык-түлүк коопсуздугу боюнча парламенттик угуу өтүп жатат


Бул маселеге тиешелүү өкмөт башчы Игорь Чудиновдун айтымында, учурда дандын жетишсиздик маселеси өлкөдө курч турган жок. Мамлекеттик казынада 70миң 851 тонна буудай бар. Быйыл буудайды жалпысынан 400миң га жерге айдоо пландаштырылууда. И. Чудиновдун белгилешинче, бул 850 миңге жакын тонна буудай берет. Мамлекет дан азыктарына болгон бааны турукташутыруу максатында өлкөдө азык-түлүк корпорациясын түзүү демилгесин көтөрүүдө. Анда ун кандай баада сатылып жатканы, ундун импорттолушу өкмөттүн көзөмөлү астында жүрөт. И. Чудиновдун маалыматына ылайык, акыркы үч жыл ичинде буудайга баа 181 пайызга көтөрүлгөн. Үстүбүздөгү жылдын биринчи чейрегинде буудай 12 сомдон 17 сомго, жогорку сапаттагы ун 34 сомго кымбаттаган. Бажы комиетинин маалыматы боюнча, быйыл акыркы үч айда өлкөгө 76,2 миң тонна буудай импорттолгон.(MSu)

XS
SM
MD
LG