Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:51

РОССИЯ КОДОР КАПЧЫГАЙЫНА КОШУМЧА КҮЧТӨРДҮ КИРГИЗЕТ


Россиянын тышкы иштер министрлиги шейшемби күнү Грузияны --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/04/114EC63A-ECB5-4C84-ABDE-1B483A2F6B8D.asp Абхазияга каршы агрессия баштаганы жатат деп айыптаган эле. Анын соңунан орус бийликтери региондогу бейпилдик күчтөрүнүн санын көбөйтүүнү чечти. Москванын бул чечими Евросоюзга жаккан жок.

Грузин-абхаз зонасында Россия кошумча он бештей көзөмөл-күзөт пунктун түзөт жана региондогу бейпилдик күчтөрүнүн санын көбөйтөт. Мунун жүйөөсүн Люксембургдагы маалымат жыйынында орус тышкы иштер министри Сергей Лавров “жаңжалдуу аймакта кырдаал кескин курчуп кеткени” менен түшүндүрдү.

Шейшемби күнү Россия Кодор капчыгайына грузиндер аскерлерин жана аскери техникаларын тартып келе баштаганын айтып, Тбилисини “Абхазияга каршы агрессия даярдап жатканы” үчүн айыптаган эле.

Лавров ишендиргендей, Россия Грузия менен мамилесин бузгусу келбейт, ошол эле учурда кокус грузиндер күч колдоно баштаса, анда Москва өз жарандарын коргоо үчүн тийиштүү чараларды көргөнгө аргасыз болот. Лавров буга кошо бейпилдик күчтөрү Абхазияга жаңжалдашкан тараптар өздөрү жетишкен келишимдердин негизинде киргизилгенин, аскерлердин саны ошол документтерде аныкталган чектен ашпай турганын эске салды.

Россиянын бул чечимин Евросоюз колдогон жок. “Бейпилдик күчтөрүнүн саны белгиленген нормадан ашпаган күндө да аларды кошумча бөлүктөр менен бекемдөө жөнүндөгү чечимди акылдуу кадам деп эсептегенге болбос”,- деп билдирди Евросоюздун тышкы саясий мекемесинин жетекчиси Хавер Солана.

Грузиянын президенти Михаил Саакашвили өз кезегинде телеканал аркылуу Абхазия менен Түштүк Осетиянын жарандарына кайрылып, аларды “бирдиктүү мамлекет түзүүгө” жана үч тараптын “жалпы душманына каршы” күрөшүүгө чакырды. “Жалпы душман” деп ал ортодогу “кастыкты” атады. Касташуу маанайын болсо, Саакашвилинин ишениминде, аларга “үчүнчү күч” таңуулаган. “Биз тынчтык жөнүндө канчалык көп айтсак, бул үчүнчү күч согуш тууралуу ошончо көп сөз кылууда, - деп айтты Саакашвили өз кайрылуусунда. - Биз эркин экономикалык аймактарды түзүү жөнүндө айтсак, бул күч аскери базаларды жана жаңы күзөт жайларын ачуу тууралуу айтып жатат”.

Саакашвили грузин бийликтери куралдуу тирештин тутанышына жол бербей турганына ишендирип, Абхазияга жана Түштүк Осетияга кеңири укуктагы автономия берүү тууралуу мурдагы сунуштарын кайталап эске салды. Атүгүл Грузиянын вице-президенттик кызматын түзүп, ага Абхазиянын өкүлүн дайындаганга убада берди.

Саакашвилинин бул сунуштарын Абхазиянын президенти Сергей Багапш кайрадан четке какты. “Абхазия эгемендик максатынан кайтпайт, ага грузин мамлекетиндеги кызматтын кереги жок”,-деп айтты Багапш. Анын соңунан түштүк осетиндердин лидери Эдуард Кокойты да “бирдиктүү грузин мамлекетинин курамында осетиндер үчүн эч кандай келечек жоктугун” билдирди.

XS
SM
MD
LG