Өткөн аптада Ооганстандын президенти Хамид Карзай катышкан аскердик парад учурунда болгон чабуулдун уюштуруучуларына Пакистандын тиешеси бар,- деп билдирет ооган чалгындоо кызматы. Азырынча расмий Исламабаддан бул маалымат боюнча жооп боло элек. Сөз болуп жаткан чабуул учурунда 7 адам мерт болгон. Алардын экөөсү чабуулду уюштургандар деген шек бар. Кандуу кол салуудан президент Хамид Карзай аман калган.