Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:01

13:30 Кыргызстанга Кореядан шаарларды куруу тармагындагы адистер келмекчи


Июнь айынын баштарында Кыргызстанга Кореядан шаарларды куруу тармагындагы таанымал адистер келип, кыргыз архитекторлору, инженерлери, шаар куруучулары менен тажрыйба бөлүшүп кетишмекчи. Бул тууралуу Архитектура жана курулуш агенттиги билдирет. Азыркы тапта агенттиктин адистери Жалалабад, Ысыккөл, Чүй облусарында жана Бишкек шаарында чоң-чоң объекттерди куруу боюнча пландарды даярдап жатышат. Бул пландар Кореядан келген адистерге сунушталып, каралып чыккандан кийин эки тараптуу келишимдер түзүлмөкчү. Ошондой эле агенттиктен билдиришкендей, бул иш-пландарды ишке ашыруу үчүн кыргыз-корей биргелешкен иш тобу да түзүлмөкчү. (IJz)

XS
SM
MD
LG