Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:19

Кошмо Штаттар Беларуска жооп ирээтинде көрүлүүчү чаралар боюнча бир чечимге келе элек. Бул тууралуу кечээ Мамлекеттик департаменттин өкүлү билдирди. Мунун алдында Беларус АКШнын Минскидеги элчилигинин он дипломаты өлкөдөн 72 саатта чыгып кетишин талап кылган эле. Мамдепартаменттин өкүлү Том Кейсинин айтымында, Беларуска анын чечимине жооп ирээтинде бир катар чаралар көрүлүшү мүмкүн экени эскертилди жана Вашингтон азыр өз кадамдарын караштырып жатат.

АКШ менен Беларус ортосундагы азыркы дипломатиялык жаңжаал быйыл март айында тутанган эле. 6-мартта АКШнын Каржы министрлиги Беларустун мунай–химиялык "Белнефтехим" компаниясына каршы киргизилген санкциялар боюнча жаңы билдирүүсүн жарыялаган. Ал санкцияларга ылайык, Беларустун бул ири ишканасынын банк эсептери тоңдурулуп, америкалык компаниялардын аны менен ишкер алака түзүүсүнө тыюу салынган болчу. Вашингтон мындай санкциялар президент Александр Лукашенконун режими өлкөдө адам укуктарынын абалын жакшыртып, демократиялык реформаларга жол ачып, абактагы саясий туткундардын бошотуусу үчүн кысым көргөзүү максатында киргизилгенин билдирген.

Ушундан кийин Беларус Вашингтондогу элчисин чакыртып алып, АКШны эки өлкөнүн мамилесин нормалдаштырууга багытталган макулдашууларды бузгандыгы үчүн айыптаган эле. Март айында АКШнын Минскидеги элчиси Карен Стюарт да өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болгон. Ага катар Минск АКШдан өз элчилигиндеги кызматкерлеринин санын 15ге кыскартууну талап кылып, Вашинтон бул талапты аткарган. Натыйжада март айынын соңунан тарта АКШнын Минскиде 17дей гана дипломаты калган.

Беларус ошондой эле АКШнын Минскидеги элчилигин тыңчылык түйүн уюштурганы үчүн да күнөөлөп, элчилик кызматкеринин ушундай ишке тартылгандыгы боюнча телесюжет көргөзүлгөн болчу. Ал эми 30-апрель күнү расмий Минск АКШнын элчилигинде калган дипломаттардын дагы 10ну өлкөдөн үч сутканын ичинде чыгып кетүүсүн талап кылды.

Эми Вашингтон Минскинин мындай кадамдарына жооп ирээтинде кандай чара көрөрү азырынча беймаалым. "Ассошейтед пресс" агенттиги кечээ америкалык расмий өкүлдөргө шилтеме берип, АКШ Беларустун Вашингтондогу элчилиги менен Нью-Йорктогу консулдугун жабуу жөнүндө чечим келип, бирок мындай чечим Мамлекеттик департамент Минскини расмий кабардар кылардын жуп алдында өзгөртүлгөнүн маалымдады.

Былтыр Орусия газ үчүн базар баасында төлөөнү талап кылганда беларус президенти Александр Лукашенко АКШ жана Евробиримдик менен алакасын оңдоого аракеттенгендей түр көргөзгөн эле. Быйыл февралда эле абактан алты саясий айыпкерди чыгарган. Бирок жакындашуу жараяны бир нече маселелер, өзгөчө ал мурдагы атаандашы, оппозиция лидери Александр Казулинди абактан бошотуудан баш тартканынан улам токтогондой болду. Март айынын башында АКШ Мамлекеттик департаментинин өкүлү Том Кейси буларды билдирген болчу:

-Биз алар абактагы саясий айыпкерлердин бир нечесин бошотконуна ыраазыбыз. Ошол эле учурда биз алар саясий айыпкерлердин калгандарын, өзгөчө Казулин мырзаны бошотуусу керектигин, ошондо биз алар менен мамилени кантип оңдоонун жолдору боюнча сүйлөшүү баштоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болмоктугубузду белгиледик.

Александр Казулиндин маселесине үч күн мурда, 29-апрелде калкка жасаган жылдык кайрылуусунда "Европанын акыркы диктатору" атыккан президент Александр Лукашенко да кайрылып, төмөнкүлөрдү айтты:

-Ал абактан бошотулушу үчүн бүткүл дүйнө кийлигишүүсүн жана беларус бийликтери алардын жапырт кысымы алдында калышын эңсейт. Сен деги кимге керексиң? Сени, кечирип коюңуздар, дааратканадагы кагаздай колдонуп, таштап коюшат. Сен болсо бирөөгө керекмин деп ойлойсуң. Бул - өткөн доор.

Мурда университеттин ректору болгон Александр Казулин 2006-жылдын мартындагы шайлоодо Лукашенкого атаандаш катары чыккан эле. Андан кийин шайлоо жыйынтыгына каршы массалык нааразылык акцияларды уюштурганы үчүн камакка алынып, беш жарым жылга түрмөгө кесилген болчу. Азыр жаза мөөнөтүн өтөп жатат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG