Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:36

10:35 БУУ Кыргызстанда аялдарды басмырлоо байкаларын аныктады


БУУнун Өнүгүү программасы SIDA эл аралык уюмунун көмөгү менен иликтөө жүргүзүп, мына ушундай жыйынтыкка келген. Иликтөө президенттик администрация, Мамлекеттик кызмат боюнча мамлекеттик агенттиктин эксперттеринин катышуусу менен Каржы, Билим берүү жана илим, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрликтеринде, Мамлекеттик кызмат боюнча агенттик менен Айлана-чөйрө жана токойду коргоо агенттигинде жүргүзүлгөн. Натыйжада, мамлекеттик башкаруу органдарында иштеген кызматкерлердин 14 гана пайызын аялдар түзүп, 86 пайызын эркектер ээлери аныкталган. Ал эми орто деңгээлдеги административдик башкарууда иштеген кызматкерлердин ичинен эркектер 91 пайызын, аялдар 9 пайызын, кенже кызматтарда иштегендердин 59 пайызын аялдар түзөт экен. (BD)

XS
SM
MD
LG